ТИМ: HRW башчысы Мира Ретман нон-грата персона болуп жарыяланган эмес

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАэропортко конууп жаткан учак. Архив
Аэропортко конууп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз бийлиги 2-декабрь күнү Human Rights Watch уюмунун башчысы Мира Ритман нон-грата персона болуп жарыяланбаганын Sputnik агенттигине ТИМдин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов абалга баа берип жатып билдирди.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Мира Ритманга кыргыз бийлиги өлкө аймагына кирүүгө тыюу салган. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланган.

Сүйөркуловдун айтымында, Ритман Кыргызстанга миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн киргизилбей жатат.

"Ал Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган чет элдиктердин катарына кирди. Учурда "нон-грата персона" түшүнүгүн пайдаланууга болбойт. Мындай тыюу салуу дипломаттар менен саясатчыларга карата колдонулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал миграциялык мыйзам бузган жарандарды өлкө аймагына киргизбей коюуга ар бир мамлекеттин укугу бар экенин белгиледи.

Укук коргоочу уюмдун сайтында Ритман тыюу салынгандан кийин Бишкектен кайтып кеткени жазылган.

"Human Rights Watch өкүлүнүн Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынышы акылга сыйгыс, абдан күтүүсүз жана өтө кооптуу көрүнүш болуп эсептелинет. Кыргызстандын бийлиги тез арада маселени карап чыгып, Миро Ритманга Бишкекке келүүсүнө жол ачып бериши керек", — деди HRW уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот.

Америка жараны Мира Ритман Бишкекте 2012-жылдан бери жашап келген. Буга чейин ал Борбор Азия мамлекеттеринде иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0