Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко реалити-шоунун каарманы болот

© Фото / пресс-служба тайского бокса КРТайбокс боюнча жети жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко. Архив
Тайбокс боюнча жети жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко Түштүк Америка спортчуларынын капитаны катары эркек тайбоксчуларды машыктырат. Жалпысынан 16 берүү тартылат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Тайбокс боюнча жети жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко "Инфьюжн" реалити-шоусуна катыша турганын КРдин спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан маалымдалды.

Реалити-шоунун уюштуруучулары алтынчы берүүсүн Таиланддагы Ко Самуи аралында тартат.

Эже-сиңди Шевченколор тай боксу боюнча мыкты экендиктерин дагы бир ирет тастыкташты - Sputnik Кыргызстан
Эже-сиңди Шевченколор тай боксу боюнча мыкты экендиктерин дагы бир ирет ырасташты
Бул жолу Европа, Азия, Түштүк Америка жана Африкадан келген төрт команда күч сынашат.

16 эркек спортчу (70 кг. салмак категориясы боюнча) төрт командага бөлүнөт. Ар бир команданы кыз-капитан машыктырат. Антонина Шевченко Түштүк Америкадан келген командалардын капитаны болот. Капитандар да өз ара күч сынашат. 

Реалити-шоуну тартуу бир канча жумага созулуп, жалпысынан 16 берүү тартылат.

Антонина Шевченко Перу мамлекетиндеги клубдун атынан мушташтарга чыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0