БП: Маликовго кол салгандарды Түркиядан экстрадициялоо боюнча документтер келе элек

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКолония. Архив
Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теолог Кадыр Маликовго кол салды деп шектелген жарандар Түркиядан кармалган болчу.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Теолог Кадыр Маликовго кол салды деп шектелип, Түркияда кармалган жарандарды эсктрадициялоо боюнча документтер топтому Башкы прокуратурага азырынча келип түшө элек. Бул тууралуу Sputnik агенттигине башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Башкы прокуратурага Маликовго кол салды деп шектелген жарандардын Түркияда кармалганы боюнча билдирүү гана келип түшкөн.

"Азырынча тергөө органдарынан кармалган жарандарды экстрадициялоо боюнча документ топтому келип түшө элек", — деп башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР ИИМдин беш кызматкери Маликовго кол салгандарды экстрадициялоо боюнча Түркияда жүрөт
Буга чейин Ички иштер министрлиги кармалган жарандарды Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирген. 

Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында "Асанбай" кичи районунун аймагынан дүкөндөн чыгып келе жаткан Маликовго кол салуу болуп, анын мойну менен бет жагына бычак уруп кетишкен. Натыйжада теолог оор абалда ооруканага жеткирилип, ага шашылыш түрдө операция жасалган.

Кадыр Маликов ага "Ислам мамлекети" (ДАИШ) террордук тобунун өкүлдөрү кол салганын айтып, аны жок кылууну каалаганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0