Эринген эрмендер менен томсоргон топулуу торгойлор

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКары аял. Архив
Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин кереметтүү жомоктордун ичинде айтылып, көп деле мааниси жоктой сезилген эрмендерди сүйчү эмесмин. Көрсө, аны сезгендей эле жактырбай жүрүптүрмүн…

Бала кезимде апам алып келип берген китептерди агам экөөбүз талашып окучубуз. Айрыкча, "кыргыз эл жомоктору", "Белорус эл жомоктору", "Чет элдик жомоктор" деген китептер биздин сүймөнчүгүбүз болчу. Кыязы, балалык сезимдерибиз дагы ошолор менен алга чабыттады окшойт. Чиркин, кандай сонун жомоктор эле… Бирок, ошолордун арасында бирөө бар болчу. Мага көп деле жакчу эмес. Эч кандай деле мааниси жоктой, тажатмадай сезилчү ал. Болгондо да кыргыз эл жомогу болсо керек эле. Азыр атын да айтам. Аты "Топулуу торгой" беле?… 

Кыргыздын залкар актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кийинки муун: залкар талант Бакен Кыдыкееванын баркына жете албадык
Ооба, так ошондой болчу. Эсиңиздердеби, торгой учуп баратып топусун эрмендин арасына түшүрүп алат. Анан аны алып бер деп эрменден өтүнсө эрмен алып бербей койот. Анан эрменди жедириш үчүн эчкиге барат. Бирок, эчки да тил албайт. Ага өчөшүп торгой байкуш карышкырга барат. Бирок кашабаң да кашаят. Айласы кеткен бечара жылкычыга арызданат. Жылкычы да болбойт. Кыскасы ошентип биринен бирине өтүп жүрүп аягында куюнга жетет эмеспи. Анан куюн байдын байбичесинин жүнүн сапырат, байбиче балдарды сапырат, балдар чычкандын ийнине суу куят, чычкан байдын курсагын тешет. Бай болсо жылкычыларын урушуп, жылкычылар карышкырды, карышкыр эчкини кууйт. Эстедиңизби? Мына ушул жомок мага такыр маанисиз, анан калса өтө узун, өтө тажатма сезилчү. "Эмне болуптур? " дечүмүн. "Торгой топусун түшүрүптүр, анан кайра ар кимге даттанып жүрүп алыптыр. Анын эмнеси кызык?" деп таң калчумун. Ушунча нерсени чубалжытып жазгандарга жиним келчү. 

А көрсө жомоктун артында катылган маанини түшүнгөн эмес экемин ошондо. Ал жомок тажатма эмей эле укмуштуудай көрөгөчтүк менен, укмуштуудай даана жазылган жомок тура. Кантип дейсизби? Эмесе угуп туруңуз…

Бүгүнкү күнү тээ айылдардагы, өлкөбүздүн булуң-бурчундагы маселелерин ошол жердеги "эрмендердин" айынан бүтүрө албай какпаган эшиги, жебеген кешиги калбай жүрүп отуруп ушул борборго чейин келип казысын салган байга, карынды жарган карышкырга жетпесе да жогорку сотко, премьерге, же жогорку бийликке чейин үнү жетпей, андан да болбогондо чуулдаган балдардай чуркураган депутаттарга, депутаттарды жүндөй сабаган баш прокурорго, андан да айла болбой, аргасы кеткенде куюндай учуп, желдей сызып жүргөн журналисттерге барып ыйлап-сыктап арыз муңун айтып отурган "торгойлор" көбөйбөдүбү. Же калппы? Айыл мектебиндеги мугалим, аймактык милиция, аймактык сот, айыл өкмөт, кайсы бир мекеменин эсепкери, светчи, токойчу, керек болсо 1-2 жылдык окуусу менен бир айылга "актип" болуп калган мал доктуруна чейин өзүн бир шумдук сезип, мойнундагы милдетин аткарбай коюп, натыйжада, анын иши "Чубактын кунундай" чубалып ушул борборго чейин жетип жатпайбы… 

Кечээ да ошондой эрмендин азабын тарткан "торгойго" жолуктум. Ал адам болгондо да так эле ушул борбордун, так эле ушул баш калаабыздын "эрмендеринин" азабын тартып келатыптыр. Ким экен ал дейсизби? Эмесе, жакшылап угуп туруңуз. 

Калькулятор жана тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айлыктан айлыкка чейин кантип жашаса болот
Эгер буга чейин анча-мынча адабиятка жакындыгыңыз болсо, же жок эле дегенде мектепте адабият сабагын окусаңыз, анда сиз Насирдин Байтемиров деген акын, жазуучуну сөзсүз эстейт болушуңуз керек. Мына, так ошол кыргызга опол тоодой кызмат өтөгөн чыгаан адамдын өмүрлүк түгөйү, жалгыз уулу менен бүгүнкү күнү так ошол топусун түшүргөн торгойдой чырылдап акыйкат издеп жүргөн убагы. Бечара, апа абышкасынан айрылып, колундагы уулу майып болуп калганы аз келгенсип, тээ СССР убагында өлбөс-өчпөс эмгек сиңирген жазуучуга берилген Бишкектеги тамынан да айрылып көчөдө калган экен. Эх-ххх, кандай гана өкүнүчтүү… Мария эне "тартпаган азабым калган жок" деп сыздагыдай болсо көзүңөн жаш тегеренет. Эки уулу автокырсыкка кабылып оорукчан болуп калганда, эптеп айыктырып алам деп жүрүп үйүн сатып, болгон мүлкүнөн ажыраптыр. Же ошого жараша уулдары эле аман калса эмне?… Шордуунун тагдырына албан-субандай уулдарынан ажырап, 2-топтогу майып уулу менен жетимиштин кырына чыкканда көчөдө калуу тагдыры буюрган тура… Кайран "булбулдун" кайран "торгою" ай!.. 

"Ошондон бери жардам сурап жыртпаган эшигим, барбаган тешигим калган жок" деп сыздап отурбайбы, бирөөнүн эски кепесинде. Акиминен тартып, министрине чейин жардам сурап кайрылыптыр. А бизде эмне? Баягы эле эңкейгенден эринген эрмендер, баягы эле карды салаңдаган байлар, баягы эле жүнүнөн башканы ойлобогон катындар отурат да керектүү жерлерде. Анан аларды куюн кууп, жылуу ордуна суу куюлбаса бир жери кыймылдайбы? Жок кыймылдабайт. 

Мына, тууганым. Сен алыскы айылдагы эрменди сурайсың. Андайлар ушул жерде эле толуп турат. 2016-жылы ыраматылык Насирдин Байтемиров агабыз толук жүзгө чыкмак деп, анын 100 жылдыгын бирөө өткөрүп калса барып оюнун көрүп, тарткан этинен жеп кайтайын деп тургандыр, алар. Ыңгыранып жаткандыр төрүндө курсагын сылап. Же эртеңи менен иши жок жаш баладай кумар ойноп отургандыр дагы бир заңгыраган сарайда. Алар антип турган соң эрмендер ийилмек беле? Биздин эрмендер бекер ийилбээйт. Э-эх, эрмендер ээй, эрмендер…

Жаңылыктар түрмөгү
0