Муфтий Токтомушев: "Ислам мамлекети" уюмун чыныгы ислам менен алмаштырбагыла

© пресс-служба УВД Жалал-АбадКыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев.
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абадда 800гө жакын жаштар катышкан конференция болуп, аларга азыркы баш ооруткан көйгөй – эктремизмдин, террорризмдин кесепеттери туурасында маалымат берилди.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддык жаштарга Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев азыркы коомдун көйгөйү болгон — экстремизм, терроризм кесепети туурасында айтып, "Ислам мамлекети" (ДАИШ) уюмун чыныгы ислам менен алмаштырбоого чакырды. 

Жалал-Абадда күч түзүмдөрү күжүрмөн даярдыктан өтүштү
Бул боюнча Токтомушев Жалал-Абад шаарында ар кандай террордук чакырыктардан алыс болууга үндөгөн ири масштабдагы илимий конференция учурунда айтты. 

Жыйында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү, аймактагы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, облустук казыяттардын жетекчилери жаштарга террористтик, экстремисттик уюмдардын кесепети туурасында маалымат беришти.

Муфтий Токтомушев Кыргызстан боюнча учурда 400дөн ашык кыргыз жараны Сирияга ар кандай жолдор менен кеткендиги элге маалым болуп, ар бир кыргызстандыкты ойго батырып, кыжаалат кылып жаткандыгын айтты. 

"Урматтуу жаштар, мен силерге айтарым — ислам динине шек келтирүүдөн диндин терс көрүнүштөрүнөн алыс болуп, чыныгы ислам кандай экенин, "Ислам мамлекети" делген террорчулар ким экенин ажырата билишиңиздер керек. Анын маани-маңызына терең түшүнүп, кечиримдүүлүк менен күнөөнү, арам менен адалды таалим менен тарбиясыздыкты, жаман менен жакшыны айырмалагыла. "Ислам мамлекети" уюмунун террордук чакырыктарына эч качан алданбагыла", – деди муфтий Токтомушев.

Буга чейин да аталган облустун жашоочуларына диний радикалдык экстремисттик, террордук уюмдардын кооптуулугу туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын даярдалган баракчалар таратылган. 

"Ислам мамлекети" уюму дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0