Октябрь райондук сотунда пандус жана азиздер үчүн автоматтар орнотулду

© Sputnik / Мария Алексеева / Медиабанкка өтүүАдис адамдар. Архив
Адис адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун имаратынын абалын жакшыртууга финляндиялык дипломаттар кол кабыш кылды. Октябрь райондук сотунун имаратынан тышкары, Ош шаардык жана Ноокат, Кара-Суу райондук сотторунда пандустар жана азиздер үчүн автоматтар орнотулат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Октябрь райондук сотуна коюлган жаңы жабдуулардын ачылыш аземи шейшемби күнү боло турганын "Равные возможности" коомдук фонду билдирди.

Имараттын ичин жаңылоо Жогорку Кеңештин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси, ПРООН менен Финландиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу аркылуу ишке ашты.

Коляска жана паралимпиада эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда паралимпиадалык спортко өзгөчө көңүл бурулмай болду
Бир жыл ичинде мүмкүнчүлүгү чектелгендердин сот имаратына кирип-чыгуусун жеңилдетүү аракеттери көрүлдү. Ал үчүн атайын пандустар, Брайл тамгасы менне жазылган такталар жана азиздер үчүн үн чыгаруучу белгилер, көрүүсү начар жана дүлөйлөр үчүн көрсөтмө белгилер орнотулду.

Былтыр октябр-ноябрь айларында Бишкек шаарындагы, Чүй менен Ош облусундагы сот имараттарына мониторинг жүргүзүлүп, майыптар үчүн түзүлгөн шарттар текшерилген. Анын жыйынтыгы менен сынамак долбоору үчүн төрт соттун имараты тандалып алынган. Октябрь райондук сотунан тышкары, Ош шаардык сотунун, Ноокат менен Кара-Суу райондорунун сот имараттарынын абалы жакшыртылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0