"Көк-Жар" жаңы конушундагы бала бакча суукка карабай жыл аягына чейин бүтмөй болду

Жазылуу
Учурда аталган бала бакчанын курулушу район жетекчиси менен мэрдин жеке көзөмөлүндө турат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкектин "Көк-Жар" жаңы конушундагы салынып жаткан №182 бала бакчанын ички жумуштары жасалып жатканы Октябрь районунун башчысы Болот Алымкуловдун курулуш менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө чет элдиктердин колдоосу менен үч бала бакча ачылды
Учурда аталган бала бакчанын курулушу район жетекчиси менен мэрдин жеке көзөмөлүндө турат.

Маалыматка ылайык, бригадирлер кыш мезгилинин келиши менен бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтышкан. Буга карабастан, курулуш үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү каралган.

Бул бакчада 280 бала тарбияланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0