"Коломтонун" жашоочулары кургак учук менен ВИЧке текшерилишти

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Коломтонун" барар жери жок селсаяктык менен күн кечирген жарандарга ысык тамак, жылуу кийим-кече берилип, юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү.
Коломтонун барар жери жок селсаяктык менен күн кечирген жарандарга ысык тамак, жылуу кийим-кече берилип, юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барар жери жок селсаяктык менен күн кечирген жарандарга ысык тамак, жылуу кийим-кече берилип, юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. Текшерүү бир катар оорулууларды да аныктап чыкты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Биринчи Май райондук акимиаты барар жери жок селсаяктык менен күн кечирген жарандардын ичинен өнөкөт дартка чалдыккандарын, анын ичинен кургак учук, СПИД илдетине чалдыккандарды аныктоо боюнча кайрымдуулук акциясын өткөргөнүн мэрия билдирди.

Селсаяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Барар жери жок селсаяктар үчүн баш паанек берилет
Иш-чара райондун ИИБ менен диний кызматкерлердин жардамы менен уюштурулду.

90 селсаяк мончого түшүп, медициналык кароодон, СПИДге карата экспресс-тесттен жана кургак учукту аныктоочу флюорографиялык текшерүүдөн өттү. Муну менен бирге аларга ысык тамак, жылуу кийим-кече берилип, айрымдарына юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү.

Текшерүүнүн натыйжасында 10 жаран сасык тумоо менен жабыркаганы аныкталган, алтоосунан өнөкөт бронхит аныкталды. Беш жаран аз кандуулук илдетине кабылып, үчөө буту-колун күйгүзүп алганы белгилүү болду.

"Дене мүчөлөрүн үшүк алып кеткен үч жаран аныкталды. Мындан тышкары, 10 жаран цистит, тогузоо сарык, бирөөсү сифилис менен жабыркары маалым болду. Кургак учук жана СПИДге чалдыккандар кабылган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бардык бейтаптар тийиштүү дарылануудан өтүү үчүн медициналык мекемелерге жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0