Казакстандык жаш жубайлар үлпөт тоюунун акчасын жетимдерге беришти

© flickr.com / ChuWeiHunG IPhotoЖаш жубайлар үйлөнүү тойунда. Архив
Жаш жубайлар үйлөнүү тойунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөткө эки күндүн ичинде 15 миң "лайк" басылып, 500 комментарий берилген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Чымкенттик жаш жубайлардын шаан-шөкөттүү тойдун акчасын балдар үйүнө которгону Instagram социалдык түйүнүнүн пайдалангандардын алкоосуна ээ болду.

Буга чейин ztb_kz аттуу колдонуучу сүрөт жайгаштырып, анын алдына сүрөттөгү үй-бүлө үйлөнүү үлпөткө арналган каражатты жетим балдардын үйүнө которгону тууралуу жазып койгон.

Ала-Тоо аянтындагы концертик иш чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар колу ачык, берешен 20 элдин катарына кирди — рейтинг
Сүрөткө эки күндүн ичинде 15 миң "лайк" басылып, 500 комментарий берилген.

Пайдалануучулар мындай кадамды колдоого аларын билдирген сөздөрүн жазып, жаш жубайларга бакыт-таалай каалашкан. Көпчүлүк тойго кеткен чыгымдын жок дегенде үчтөн бири балдар үйүнө жөнөтүлүп турча, тагдырдын оор сыноосуна кабылгандардын жашоосу жеңилдей түшөт эле дешет. 

Аталган жубайлардын ким экени жана алардын которгон суммасы да азырынча белгисиз.

Ушундай эле окуя үстүбүздөгү жылдын август айында болгон. Анда турмуш жолуна аттанган жаштар үлпөткө арналган каражатты Сириядан келген качкындардын муктаждыгын чечүүгө которуп беришкен.

Мындай окуя АКШнын Калифорния штатында да кездешкен. Анда келиндин ата-энеси майрамдык дасторконду мыкты майманканалардын биринде үй-жайсыз калгандар үчүн жайып берген. Бирок, тилекке каршы, жаштардын никеси жигиттин күмөн саноосунан улам кыйылбай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0