Россияда окуган кыргызстандык эки студент улуттар аралык форумга катышууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОкуу жайга документ тапшырып жаткан кыз. Архив
Окуу жайга документ тапшырып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сибирь федералдык университетинде окуган Асел Сартбаева менен Нурзада Токтомова чет элдик студенттердин РФ окуу жайларында адаптацияланышы тууралуу айтып беришмекчи.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Сибирь федералдык университеттин эки кыргызстандык студенти Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан студенттик форумга катышып жатканын "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Россиялык студент-2015" форумуна Асел Сартбаева менен Нурзада Токтомова катышууда. 

"Биздин делегация эки долбоор тартуулап, чет элдик студенттердин россиялык окуу жайларда адаптацияланышы жана The Newman in Foreign Policy дипломатиялык журналынын иштеши боюнча доклад окуйт", — дешти катышуучулар. 

Россиялык улуттар аралык студенттик форум президенттин алдындагы Кеңеш жана Мамлекеттик Думанын улуттар иши боюнча комитеттин колдоосу менен өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0