Аламүдүндө "Жер-Үйдөн" түшкөн акчага алгачкы мектептин курулушу башталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруучу жумуш кезинде. Архив
Куруучу жумуш кезинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр аталган мектеп Таластагы "Жер-Үй" кенин иштетүүгө берилген каражатка курулуп жаткан алгачкы мектеп экенин белгилеп, быйыл жыл аягына чейин 26 мектептин курулушу башталарын маалымдады.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Аламүдүн районундагы Октябрь айылында Жерүй кенин иштетүүдөн түшкөн каражатка алгачкы мектептин пайдубалы түптөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанатка катышкан премьер-министр Темир Сариев имаратынын түптөлүшү менен айыл тургундарын куттуктап, бул абдан маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

"Келечек муунду татыктуу тарбиялоо, алардын сапаттуу билим алышына шарт түзүү ата-энелер менен катар өкмөттүн да негизги милдеттеринин бири. Бул багытта өкмөт өзүнүн негизги аракеттеринин бири катары сапаттуу билим берүүнү тандап алган. Анын алкагында, бүгүн Октябрь айылында 750 орундуу азыркы шартка жооп берген, заманбап мектептин пайдубалы түптөлүп жатат", — деди Сариев.

Премьер-министр аталган мектеп Таластагы "Жер-Үй" кенин иштетүүгө берилген каражатка курулуп жаткан алгачкы мектеп экенин белгилеп, быйыл жыл аягына чейин 26 мектептин курулушу башталарын маалымдады.

"Түшкөн каражатка өлкө боюнча жаңы 100 мектепти куруп, 100 мектепти толугу менен оңдоодон өткөрөбүз. Алардын ичинен алгачкы мектептин пайдубалы түптөлүп жатат. Биз үчүн сапаттуу билим алган, дени сак муунду тарбиялоо негизги максат. Аны ишке ашыруу үчүн баарыбыз биргеликте аракет көрүшүбүз керек", — деди өкмөт башчы.

Сариев Кыргызстанда өлкөдөгү ынтымак жана тынчтык, мыйзамдуулук жана тартип негизги мааниге ээ экенин белгилеп, аталган баалуулуктарды сактоо аркылуу кыска аралыкта кубаттуу өлкө курууга мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0