"Дароот-Коргондун" имамдарын жаратылыш кырсыктарына даярдап жатышат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМечиттеги адам. Архив
Мечиттеги адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имамдарды окутуу ӨКМ менен муфтияттын биргелешкен планына ылайык өткөрүлүүдө.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Чоң-Алай районунун "Дароот-Коргон" борбордук мечитинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери 40ка чукул имамдары үчүн атайын сабактарды өттү. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалыматы кызматы кабарлады. 

Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекали Ташбековдун билдирүүсүндө сабакта мечит имамдарын чукул кырдаалдар учурунда өздөрүн кантип алып жүрүүгө үйрөтүштү. 

"Жамаатка ар кыл кырдаалдарда болуп кетүүчү коркунучтар тууралуу маалыматтарды жеткирүү жана алардын даярдыгын жогорулатуу боюнча ыкмалар үйрөтүлүүдө. Алыскы кооптуу аймактарда жайгашкан жергиликтүү калктын өзгөчө кырдаалдар кооптуулугуна даяр туруу боюнча иш-чаралары талкууланып жатат", — деди Ташбеков.

Мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадырбеков: имамдарды окутуудан убакытты, каражатты аябашыбыз керек
Сабак учурунда ӨКМдин ыкчам коргонуу бөлүмүнүн кызматкерлери кар көчкү, сел ташкын, жер титирөө жана нөшөрлүү жаан-чачындуу мезгилде тоолуу аймактарда кандай эрежелерди сактап, алдын алууга кантип даярдык көрүү боюнча практика жүзүндө ыкмаларды көрсөтүштү.

Адистер мындай маалыматтарды коомчулуктун аң-сезимине жараша диндин баалуулуктары менен имамдар тарабынан түшүндүрүлүүсү чоң мааниге ээ экендигин билдиришти. 

Мындай иш-чара ӨКМ менен муфтияттын биргелешкен планына ылайык өткөрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0