Ысык-Көлдө чет элдиктердин колдоосу менен үч бала бакча ачылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бала бакча имараттарында оңдоо иштерин жергиликтүү бийлик органдары жүргүздү.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Караколдо эки мектептин базасы менен мурунку бала бакчанын кайтарылган имаратында үч жамааттык бала бакча ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жети-Өгүз менен Ак-Сууда жамааттык бала бакчалар ачылат
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүүчү жайлар Ак-Суу районунун Энчилеш, Ак-Булак жана Жыргалаң айылдарында ачылды.

Бала бакчалардын мындай түрү наристелердин мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүн арттырат.

Чет элдик демөөрчүлөрдүн жардамы менен жергиликтүү бийлик органдары имаратты ремонттон өткөрүп суу, канализация системасы менен жабдып, сапаттуу билим берүүнү камсыздаган бардык шарттарды түзүп берди.

Министрликтин билдирүүсүндө, мындай бала бакчалар Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Ырдык, Сару, Жеңиш айылдарында ачылышы күтүлүүдө.

Мындан эки жума мурун Баткен жана Лейлек райондорунда 11 вариативдүү бала бакча ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0