Sputnik Кыргызстан жана Beeline өлкөдөгү журналисттер үчүн окутуу өткөрдү

© Фото / Бактыбек Мейманбеков"Кесипкөй журналистиканын мектебинин" алкагындагы Кыргызстандын ЖМКларынын өкүлдөрү үчүн кесипкөй окутуу өттү.
Кесипкөй журналистиканын мектебинин алкагындагы Кыргызстандын ЖМКларынын өкүлдөрү үчүн кесипкөй окутуу өттү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш жана тажрыйбалуу журналисттер кесипкөй жана экономикалык жаңылыктарды жазуунун жаңы принциптери, форматтары туурасында кабардар болушту. Окутууну өткөрүүгө "Россия сегодня " Эл аралык маалымат агенттигинин өкүлдөрү чакырылган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосу менен Beeline оператору биргеликте "Кесипкөй журналистиканын мектебинин" алкагында Кыргызстандын ЖМКларынын өкүлдөрү үчүн окутуу өткөрдү. 

Мастер-класс форматында өткөн аянтчада өлкөнүн жаш жана тажрыйбалуу журналисттери кесипкөй жана экономикалык жаңылыктарды жазуунун жаңы принциптерин, форматтарын үйрөнүштү. Азыркы медиакоммуникацияны жаңы түрлөрү жаралган заманда журналистиканын өнүгүү жолдору, анын ичинен социалдык медиа туурасында окутуу өттү. Мындан сырткары, тармактык аудитория үчүн жаңылыктар ресурсу менен иштөөнүн эрежелери талкууланды. 

© Фото / Бактыбек МейманбековSputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосу менен Beeline оператору менен биргеликте Кыргызстандын ЖМКларынын өкүлдөрү үчүн кесипкөй окутуу өткөрдү.
1/7
Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосу менен Beeline оператору менен биргеликте Кыргызстандын ЖМКларынын өкүлдөрү үчүн кесипкөй окутуу өткөрдү.
© Бактыбек МейманбековМастер-класстын форматында өткөн аянтчада өлкөнүн журналисттери кесипкөй жана экономикалык жаңылыктарды жасоонун жаңы принциптери, форматтарын үйрөнүштү.
2/7
Мастер-класстын форматында өткөн аянтчада өлкөнүн журналисттери кесипкөй жана экономикалык жаңылыктарды жасоонун жаңы принциптери, форматтарын үйрөнүштү.
© Бактыбек Мейманбеков"Россия сегодня" эл аралык корпоративдик окуу борборунун жетекчиси Олег Щедров.
3/7
"Россия сегодня" эл аралык корпоративдик окуу борборунун жетекчиси Олег Щедров.
© Бактыбек Мейманбеков"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Олег Ананьев.
4/7
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Олег Ананьев.
© Бактыбек Мейманбеков"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин социалдык тармактарды алдыга жылдыруу бөлүмүнүн жетекчиси Денис Железняков.
5/7
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин социалдык тармактарды алдыга жылдыруу бөлүмүнүн жетекчиси Денис Железняков.
© Бактыбек МейманбековSputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина.
6/7
Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина.
© Фото / Бактыбек МейманбековОкутуунун негизги максаты эл аралык эксперттердин катышуусу менен мастер-класстардын негизинде кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү.
Окутуунун негизги максаты эл аралык эксперттердин катышуусу менен мастер-класстардын негизинде кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү. - Sputnik Кыргызстан
7/7
Окутуунун негизги максаты эл аралык эксперттердин катышуусу менен мастер-класстардын негизинде кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү.
1/7
Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосу менен Beeline оператору менен биргеликте Кыргызстандын ЖМКларынын өкүлдөрү үчүн кесипкөй окутуу өткөрдү.
2/7
Мастер-класстын форматында өткөн аянтчада өлкөнүн журналисттери кесипкөй жана экономикалык жаңылыктарды жасоонун жаңы принциптери, форматтарын үйрөнүштү.
3/7
"Россия сегодня" эл аралык корпоративдик окуу борборунун жетекчиси Олег Щедров.
4/7
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Олег Ананьев.
5/7
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин социалдык тармактарды алдыга жылдыруу бөлүмүнүн жетекчиси Денис Железняков.
6/7
Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина.
7/7
Окутуунун негизги максаты эл аралык эксперттердин катышуусу менен мастер-класстардын негизинде кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү.

Иш-чарага Россиянын алдыңкы журналисттери катышты. Алар "Россия сегодня" эл аралык корпоративдик окуу борборунун жетекчиси Олег Щедров (буга чейин Reuters агенттигинин Москвадагы бюросунун жетекчисинин милдетин аткаруучусу), "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Олег Ананьев, "Прайм" экономикалык маалыматтар агенттигинин директорлор кеңешинин төрагасы жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин социалдык тармактарды алдыга жылдыруу бөлүмүнүн жетекчиси Денис Железняков болду. 

Sputnik Кыргызстан эл аралык агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменинанын айтымында, жашоонун темпи улам тездеп, маалымат агымы ар күн сайын арбып бара жатат. Андыктан, ЖМКлар менен журналисттер окурмандарын кармап калыш үчүн ар дайым изденип жана маалымат берүүнүн ар кыл жолдорун издеп турушу кажет. 

"Экономика темасында жазуу татаалыраак. Ар бир агенттик, гезит, журнал, телекомпания кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин улам көтөрүп турушу зарыл. Биз кесиптештерибизге эл аралык деңгээлдеги медиаэксперттер менен жолугуп, сүйлөшүп, баарлашууга мындай уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүп берип жатканыбызга кубанып жатабыз. Алар маалымат берүүнүн жаңы ыкмалары туурасында билип, аны иш тажрыйбасында колдоно алышат", — деди Череменина.

"Кесипкөй журналистиканын мектеби" — 2015-жылы Sputnik Кыргызстан Beeline менен биргелешип уюштурулган социалдык долбоор. Республикада жаш жана тажрыйбалуу журналисттер үчүн мындай окутуу экинчи ирет уюштурулуп жатат.

Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан менен Beeline "Кесипкөй журналистиканын мектебине" чакырат
Анын негизги максаты эл аралык эксперттердин катышуусу менен мастер-класстардын негизинде кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү болуп эсептелет. Угуучуларды тандоо алган билимди иш жүзүндө колдонуу, адистикти тандоодо угуучуну шыктандыруу жана иш тажрыйбасы сыяктуу негизги критерийлер менен жүрөт.

Beeline компаниясынын коомчулук менен байланышуу боюнча директору Татьяна Шахин-Байло аталган компания бирим берүү долбоорлоруна активдүү катыша турганын белгиледи.

"Кесипкөй журналистика мектебин эки жылдан бери өткөрүп келебиз. Кыргызстандын ЖМК өкүлдөрүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатууга, бизнес-журналистиканы өнүктүрүүгө, жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор өлкөдөгү бизнес чөйрөнүн абалы менен жакындан тааныш болушуна кызыкдарбыз", — деди ал.

Шахин-Байло Beeline компаниясынын атынан бирге иш алып барган өнөктөшү Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосуна ыраазычылык билдирди.

Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik жаңы фотобанк ресурсун ишке киргизди
Компания жогорку ылдамдыкка ээ GSM-900/1800 и HSPA+/3,75G. 3,75G стандарттарында уюлдук байланыш кызматын тартуулайт. Бул стандартка Beeline тарабынан пайдаланылган UMTS/HSPA+ технологиясы да кирет. Бүгүнкү күндө HSPA+ стандарты менен иштеген абоненттик жабдууну колдонгондо маалымат берүү 42 Мбит/сек. ылдамдыгы менен берилет. Бул 3G технологиясын пайдалануудагы ылдамдыктан үч эсе жогорку көрсөткүч.

Sputnik (sputniknews.com) — мультимедиалык маалымат хабы. Анын өкүлчүлүгү ондон ашык мамлекетте бар. Sputnik мультимедиалык хабы өзүнө сайттарды, радио уктурууларды, мобилдик тиркемени камтыйт. Андан сырткары, социалдык тармактарда баракчалары бар. Sputnik агенттиги дүйнөдө болуп жаткан окуяларды отуздан ашык тилде маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0