Депутаттар жеке ооруканаларга орган алмаштырууга уруксат беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруканадагы операция бөлмөсү. Архив
Ооруканадагы операция бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү аппаратура, адистер жана сертификаты бар менчик клиникаларга эми орган трансплантациялоосуна жол ачылат.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш депутаттары "Адам органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Долбоор өткөн чакырылыштагы "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Игорь Гусаров тарабынан демилгеленген.

Анда учурдагы мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен жакын туугандарынын орган же ткандарын даярдоо жана трансплантациялоого жеке ооруканаларга да уруксат берилиши каралган.

Сариев: ооруканаларды салуу үчүн 1 млрд. сом бөлүнөт
Эгер медициналык мекеме тийиштүү адам ресурсуна, аппаратура, аталган операцияга уруксат берүүчү сертификатка ээ болсо, Кыргызстандын аймагында орган трансплантациялоого мамлекеттик да, жеке менчик да ооруканаларга уруксат берилмекчи.

Экс-депутат орган алмаштыруу көп учурда — боор циррозу же рагы, ошондой эле жүрөк ооруларында кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу болуп каларын айтып келген. 

Мыйзам долбоордун негиздемесинде Кыргызстанда акыркы жылдары бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын саны көбөйүп жатканы белгиленген. Бир миллион адамга аталган илдеттен жабыркагандардын 300ү туура келет. Ал эми өнөкөт бөйрөк дартынан жапа чеккендердин саны жалпы калктын 11 пайызын түзөт.

Учурда мыйзам долбоору президентке кол коюуга жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0