Сариев үй куруучуларга Бишкектеги турак жайлар Европадагыдан да кымбат экенин эскертти

Жазылуу
Өкмөт башчы жакын арада мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилиги дайындалып, жарандар төмөнкү пайыздык үстөк менен үйлүү боло аларын билдирди.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Курулуш компаниялары турак-жайга болгон бааны төмөндөтүшү керектигин премьер-министр Темир Сариев бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт жергиликтүү ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. 

"Өткөн аптада Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганына 100 күн болду. Негизги тоскоолдуктар ачык-айкын боло баштады. Буга байланыштуу кийинки кадамдарды сиздер менен талкуулап алууну чечтик. Өкмөт инфраструктура түзүү, чек арадагы өткөрүү пункттарын жаңылоо, атайын лабораторияларды жана бирдиктүү маалыматы база түзүүнүн үстүндө иш алып барат", — деди Сариев.

Вице-премьер Олег Панкратов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Панкратов: турак-жай үчүн ипотекалык насыя берүүнү баштоо керек
Жыйын жүрүшүндө салыктарды өз маалында төлөө зарылдыгын белгиледи. Ал өз кезегинде мамлекет бир катар бюрократиялык процедураларды жойгонун кошумчалады.

Өкмөт башчы жакын арада мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилиги дайындалып, жарандар төмөнкү пайыздык үстөк менен үйлүү боло аларын билдирди. Бирок бул үчүн премьердин пикири боюнча өлкөдөгү курулуш компаниялары турак жайга болгон бааны төмөндөтүшү керек. Сариев бүгүнкү күндө Бишкектеги квартиралар Европадагыдан да кымбат экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0