Фучик атындагы паркты өнүктүрүүгө чехиялыктар жардам берет

Жазылуу
Кулматов менен Жигова эки өлкөнүн ишкерлери менен окумуштууларынын арасында, ошондой эле билим берүү, маданият, спорт тармактарында тажрыйба алмашуусун да талкуулашты.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкекте жайгашкан Юлиус Фучик атындагы сейил бактын өнүгүшүнө Чехия жардам бере турганы шаар мэри менен аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Элишка Жигованын жолугушуусунда белгилүү болду.

Россия элчиси: кризиске карабай Кыргызстандагы долбоорлор үчүн каражат аяган жокпуз
Маалыматка ылайык, элчи менен калаа башчысынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуудан тышкары, Фучик атындагы парктын статусу жана чехиялыктардын жардамы менен аны өнүктүрүү маселелери козголду.

Мындан тышкары, сүйлөшүү маалында чехославакиялык "Интергельпо" өнөр жай тобунун 90 жылдыгын өткөрүү менен бирге чехиялык компаниялар менен ишканалардын Бишкектин өнүгүшүнө — таштанды чыгаруу, агын сууларды тазалоо, альтернативалуу энергетика, коомдук унаа жана жарыктандырууга кошкон салымы белгиленди.

Кулматов менен Жигова эки өлкөнүн ишкерлери менен окумуштууларынын арасында, ошондой эле билим берүү, маданият, спорт тармактарында тажрыйба алмашуусун да талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0