Айыл чарба министрлиги эми дыйкандарга төө буурчак айдоону пландаштырууну үйрөтөт

© Sputnik / Нургуль МаксутоваТөө буурчак түшүмү. Архив
Төө буурчак түшүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Экономика жана өнөр жай, Айыл чарба министрликтерине төө буурчак өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү ассоциациясын жана реестрин түзүү боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги төө буурчак айдоону пландаштыруу боюнча дыйкандарды окута турганын премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өткөн төө буурчакты үзгүлтүксүз сатууга арналган жумушчу жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл төө буурчак айдаган дыйкандар арзан баадан улам түшүмүн сата албай кыйналышууда. Мындан улам Талас облусунда эки ирет нааразылык акциялары өткөн. 

Төө буурчакты Түркиянын ишкерлерине сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Кырдаалга байланыштуу Сариев жергиликтүү дыйкандар менен жолугуп, Тышкы иштер жана Айыл чарба министрликтерине жаңы рынок табууну тапшырган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтери жаңы базарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Ал эми Айыл чарба жана мелорация министрлиги төө буурчак айдоону пландоо жана дыйкандарды окутуу иш-чараларын уюштуруу боюнча даярдык көрүп жатканын билдирди.

Премьер-министр Экономика жана өнөр жай, Айыл чарба жана мелиорация министрликтерине төө буурчак өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү ассоциациясын жана реестрин түзүү боюнча иштерди тездетүүнү, Тышкы иштер министрлигине жаңы базарды табуу боюнча иштерди улантууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0