Акыйкатчы институту Бишкектеги мектеп-интернатта рэкетчилик фактысын ырастады

Жазылуу
Институттун кызматкерлери академиянын жетекчилигине өз сунуштарын берип, өз кызматтык милдеттерине көңүл кош мамиле жасагандарга чара көрүү керектигин айтышкан.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. КР Акыйкатчы институтуна Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы Турганбай Садыков атындагы мектеп-интернетта окуган балдардын укугун коргоо керектигин айткан. Жарандын айтымында ал жакта жогорку класстын окуучулары төмөнкү класстын окуучуларын кодулап, такай акча алып келишет.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Бишкекте эл аралык жана мамлекеттик уюмдар мектептеги рэкетти талкуулайт
КР Акыйкатчы институтунун кызматкерлери окуя болгон жерге барып мониторинг жүргүзүп, студенттер, окутуучулар жана тарбиячылар менен сүйлөшкөн. Иш-чаранын жыйынтыгында чындап эле жогорку класстын окуучуларынын үстөмдүгү аныкталган. Институттун кызматкерлери академиянын жетекчилигине өз сунуштарын берип, өз кызматтык милдеттерине көңүл кош мамиле жасагандарга чара көрүү керектигин айтышкан. Андан сырткары, балдар менен тарбиялык иштерди жүргүзүп, мындай аракеттердин алдын алуу сунушталган.

Ошондой эле академиянын төрт кызматкерине буйруктун негизинде дисциплинардык чара көрүлүп, үч кызматкердин Бишкек ИИББдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмү ээлеген кызмат ордуна туура келүүсүн кароо жарыяланган.

Белгилей кетсек, Турганбай Садыков атындагы мектеп-интернетта 8-класстан 11-класска чейин окушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0