Атамбаев кылмышкерлерден каза тапкан милиционердин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Жазылуу
Азыркы тапта киши өмүрүнө забын болгон кылмышкерлер изделүүдө. Милиция түзгөн фотороботко ылайык, анын бири арык чырай келген 25-30 жаштардагы азиялык, бою 175-180 сантиметр, экинчиси толмочунан келген 20-25 жаш курактагы азия улутундагы жаран болгон.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кызматтык милдетин аткарууда каза болгон милиция кызматкери Актилек Абдубалиевдин үй-бүлөсүнө жүз миң сом бөлдү. 

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, президент тийиштүү буйрукка бүгүн кол койду.

Милиция кызматкерлери кылмышкерлерди издөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкерин өлтүрүп кеткендер беш күндөн бери изделүүдө
Милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиев өткөн бейшемби күнү саат 19.55те 8-кичи райондогу №38 үйдүн жанынан эки кылмышкердин колунан каза тапкан. Маалыматка ылайык, аталган аймактын 26 жаштагы тескөөчүсү үй ууруларын кармоо учурунда өлтүрүлгөн. 

Азыркы тапта киши өмүрүнө забын болгон кылмышкерлер изделүүдө. Милиция түзгөн фотороботко ылайык, анын бири арык чырай келген 25-30 жаштардагы азиялык, бою 175-180 сантиметр, экинчиси толмочунан келген 20-25 жаш курактагы азия улутундагы жаран болгон.

Иликтөө иши ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0