Жол кайгуул кызматы айдоочуларга тайгалакта этият болууну эскертти

Жазылуу
Жол кайгуул кызматы машина менен жолго чыгарда анын техникалык абалын текшерип, аба ырайы бузулган учурда жол кырсыгына кабылбаш үчүн аралыкты сактоо керектигин сунушайт.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жолдордо жана ашууларда муз тоңуп, тайгалак болгон учурда айдоочулар этияттап, бардык эрежелерди сактоосу керек. Мындай сунушту Жол кайгуул кызматы таратты.

Жол кайгуул кызматы бардык айдоочуларды темир тулпарларынын техникалык абалын текшерип, жайкы дөңгөлөктүн ордуна кышкысын тагууну сунуштайт. Мындай аракеттер айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана жол кырсыгына кабылбоо үчүн жасалыш керек.

"Туман түшүп, жолдор тайгалак болгондо айдоочулар ылдамдыкты саатына 30 чакырымдан ашырбашы керек. Ошондой эле машиналардын ортосундагы аралык сакталышы керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Жол кайгуул кызматы кыш маалында жолдун ошол эле бөлүгүндө машинанын тормозун баскандагы сүрүлүү жайкы салыштырмалуу 3-4 эсе узак болорун эскертет.

Меры предосторожности при гололеде (кырг)
Меры предосторожности при гололеде (кырг) - Sputnik Кыргызстан
Меры предосторожности при гололеде (кырг)
Жаңылыктар түрмөгү
0