Дин кызматкерлери зилзаладан жабыр тарткандарга жардам көрсөттү

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшЖер титирөөнүн натыйжасы. Архив
Жер титирөөнүн натыйжасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен ачылган эсепке которулду.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Муфтияттын жана облустук казыяттын кызматкерлери Ош облусунда 17-ноябрда болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга бир күндүк маянасын которду. 

Бул иш-чарага 169 дин кызматкерлери салым кошту. Каражат премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен ачылган эсепке которулду. 

"Дин кызматкерлери которгон бул акчалай жардамы кырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн турак-жайын кайрадан калыбына келтирүүгө өзүнүн салымын кошот деген ишеничте", — деп билдиришти муфтияттын маалымат кызматынан.

17-ноябрда Ош облусунда жети баллга жеткен жер титирөө катталып андан 400гө жакын турак-жай жараксыз абалга келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0