Малабаев: Оштогу кырсыкка учураган учактын жүргүнчүлөрүнө компенсация төлөнөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРОшто авариялык абалда конгон Авиатраффик учагы. Архив
Ошто авариялык абалда конгон Авиатраффик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1991-жылы чыккан учак эки ай мурун толук текшерүүдөн өткөн. Анын абалына доо артуу негизсиз. Бирок эми учак таптакыр жараксыз абалга келди деп кошумчалады Малабаев.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын аэропортуна авариялык абалда конгон Боинг-737 учагынын кара кутусу чечмелөөгө жөнөтүлгөнүн транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учак Оштун аэропортуна аба ырайы начар болуп турган маалда конгон. 

"Кара куту менен жергиликтүү да, эл аралык да адистер иш алып барат. Эмне болгонун сөзсүз билебиз", — деди Малабаев.

Министр аталган учакты 10 миң сааттан учкан тажрыйбалуу учкучтар башкарып келгенин белгиледи. Аталган учак менен алардын ар бири 3 миң сааттан учуп келген.

"1991-жылы чыккан учак эки ай мурун толук текшерүүдөн өткөн. Анын абалына доо артуу негизсиз. Бирок эми учак таптакыр жараксыз абалга келди", — деди Малабаев.

Комиссиянын төрагасы авикомпания бардык жүргүнчүлөргө компенсация төлөп берүүгө даяр экенин кошумчалады. 

"Учурда бул маселе каралып жатат. Avia Traffic Company компаниясы мындан баш тарткан жок. Азыр компенсация көлөмү эсептелүүдө", — деди министр. 

Жекшемби күнү, 22-ноябрда саат 7.43тө Avia Traffic Company ишканасынын "Боинг-737" учагы Ош шаарындагы аэропортко авариялык абалда конгон. Тилкеден чыгып кеткен аба кемесинин дөңгөлөктөрү жана канаты талкаланган. Ичинде 153 жүргүнчү менен экипаждын 6 мүчөсү бар болчу. Алты адам жабыркап, анын төртөө ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0