Өлкө башчы улуттук футболдун деңгээли менен мактанды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрагим аль Халифти кабыл алуу учурунда.
Алмазбек Атамбаев Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрагим аль Халифти кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев менен Шейх Салман бин Ибрагим аль Халиф Кыргызстандагы футболду өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча макулдашышты.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Улуттук команданын эл аралык аренада көрсөткөн оюну кыргызстандыктардын футболго болгон кызыгуусун шарттаганын президент Алмазбек Атамбаев Азия футбол конфедерациясынын президенти Шейх Салман бин Ибрагим аль Халифти кабыл алуу учурунда билдирди.

КР футболчуларын өзгөчө сүрөөнгө алган активдүү күйөрманга белек тартууланды
Жолугушуу учурунда өлкө башчы Шейх Салман бин Ибрагим аль Халифке Азия мейкиндигиндеги реформалар үчүн жана Кыргызстандын футбол федерациясынын демилгелерин колдогонуна ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде конфедерация президенти Кыргызстан акыркы жылдары көп ийгиликтерди багынтып, футболду өнүктүрүүдө жакшы көрсөткүчтөргө жетишкенин белгиледи.

Атамбаев менен Шейх Салман бин Ибрагим аль Халиф Кыргызстандагы футболду өнүктүрүү максатында кызматташуу жана бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир пикирге келишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0