Оштон авиакаттам өкмөт комиссиясынын уруксаты менен гана жанданат

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедованын айтымында, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев башында турган комиссия окуя болгон жерге жөнөп кетти. Авиакаттамдын өз калыбына келтирүүнү дал ушул комиссия чечет.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ош аэропортунан авиакаттамдар өкмөттүк комиссиянын чечими менен гана жандана турганын Sputnik агенттигине өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Учак кырсыгынан жабыркагандар ооруканага кайрылып, бир катары үйүнө жиберилди
Бүгүн, жекшемби күнү Ош аэропортунда Красноярск – Ош маршруту боюнча келе жаткан "Avia Traffic Company" фирмасынын Боинг-737 учагы чукул кырдаалдан улам Оштогу аба майданга авариялык абалда конгон. Аба кемесинин ичиндеги 153 жүргүнчү менен экипаждын алты мүчөсү аман-эсен, айрымдары гана жеңил жараат алганы айтылууда. Кырсыктан улам бардык авиакаттамдар токтотулган. 

Ахмедованын айтымында, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев башында турган комиссия окуя болгон жерге жөнөп кетти. Авиакаттамдын өз калыбына келтирүүнү дал ушул комиссия чечет.

"Ош аэропортундагы авиакаттамдар жакын арада өз калыбына келет. Комиссиянын чечими аба ырайына да көз каранды болот", — деди ал. 

Ахмедова комиссия түнү менен иликтөө иштерин жүргүзүп, эртең менен окуя боюнча маалымат жыйын өткөрө турганын кошумчалады.

Ош аэропортунун директорунун жардамчысы Искендер Малиев Sputnik агенттигине өз каттамдарын күтүп жаткан жүргүнчүлөр суу жана тамак-аш менен камсыздалганын белгиледи.

Жүргүнчүнүн багажы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүргүнчү: аэропорттун отургучунда түнөп чыктык, бир ууртам суу берген киши болгон жок
Учак бүгүн эртең менен саат 7.43тө конуу тилкесинен чыгып кетип, кырсыкка учураган. Анын канаты менен дөңгөлөгү талкаланып кеткен.

Премьер-министр Темир Сариев учактын конушу боюнча чукул жыйын өткөрүп, транспорт министри Аргынбек Малабаев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Сариев комиссияга окуянын чоо-жайын 10 күндүн ичинде териштирүүнү тапшырды. 

Ал арада Ош аэропортунда болгон кырсык боюнча транспорт прокуратурасы тарабынан кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси (жол кыймыл, темир жол жана аба, сууда жүрүү боюнча эрежени бузуу) боюнча кылмыш иши козголгону маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0