Кыргызстан айлана-чөйрөнү булгоого каршы күрөшүү жөнүндө отчет берет

© Sputnik / Игорь Костин / Медиабанкка өтүүРадиация белгиси. Архив
Радиация белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай жана айыл чарбасында колдонулган катуу органикалык кошулмалар адамдын ден соолугуна жана табиятка терс таасирин тийгизет. Кыргызстан мындай заттарды колдонуудан баш тартуу боюнча конвенцияны ратификациялады.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү катуу органикалык булгагычтар жөнүндө Стокгольм конвенциясын аткаруу боюнча конференция өтөрүн айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту жөнгө салуу мамлекеттик борборунан билдиришти.

Дөңгөлөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда май ташыган унаа "Чычкан" суусуна кулап, керосин дарыяга төгүлдү
Конференцияда негизинен катуу органикалык булгагычтардын табиятка жана адамдын ден соолугуна тийгизген таасири талкууланат.

Кыргызстан буга чейин катуу органикалык булгагычтар жөнүндө Стокгольм конвенциясына кошулуп, ага карата күрөшүүнү баштай турганын айткан.

Эксперттер жаңы жана өнөр жайдан чыккан органикалык бул заттар тууралуу айтып берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0