Зилзаладан жабыркагандарга мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк айлыгын бөлүүдө

© Бекмамат АйдаркуловЧайчы айылында жер титирөөдөн жабыркаган үй. Архив
Чайчы айылында жер титирөөдөн жабыркаган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда жер титиреген болчу.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен прокуратуранын кызматкерлери бир күндүк маянасын жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары берет. Бул тууралуу аталган ведомстволордун маалымат кызматтары билдирди.

17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда катуу жер титирөө болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Ош облусундагы жер титирөө боюнча: бирөө да көңүл сыртында калбаш керек
ӨКМ кызматкерлеринен болжол менен жарым миллион сомдой чогуларын министрликтин финансы башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Эргешов айтат. Бир күндүк эмгек акыны жабыркагандарга жардам кылып берүү демилгесин министр Кубатбек Боронов көтөргөн.

Прокуратура кызматкерлери да бир күндүк маянасын жер титирөөдөн жабыр тарткандарга берүү чечимин кабыл алган. Буга чейин Ош облусунун прокуратура органында иштегендер калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүүгө жардам берүү үчүн бир күндүк айлыгын бөлүшкөн. Алар ошондой эле, көп балалуу бирден үй-бүлөнү камкордукка алышып, керектүү жардамды беришет. Анын ичинде көмүр, азык-түлүк менен камсыз кылуу жагын да өз мойнуна алышкан.

Буга чейин президенттин жана өкмөттүн аппаратында иштегендер да бир күндүк айлыгын жардам катары бөлүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0