Бишкектин бир катар жерлеринде көгүлтүр от үч күнгө өчөт

Жазылуу
Борбор калаанын батыш тарабында шейшембиден жумага чейин газ өчүрүлөт.

БИШКЕК, 21-ноя.— Sputnik. Көгүлтүр отту колдонгон шаардыктарга газ берүү үч күнгө токтотулат. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.

24-26-ноябрь күндөрү Профсоюз, Фучик көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Клубный чолок көчөсүндө жана Каракум көчөсүндө газ болбойт.

Бул иштер авариялык жагдайлардын алдын алуу, газ чыгып жаткан жерлерди оңдоп-түзөө максатында жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0