Мэрия бир айда беш көчөнү жарыктандырды

© пресс-служба мэрии города БишкекКурманжан Датка көчөсүндө орнотулган жарык шамдар. Архив
Курманжан Датка көчөсүндө орнотулган жарык шамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана борбор калаанын көчөлөрүн жарык менен камсыздоо, кемчиликтерди өз маалында жоюу боюнча иштер улантыла турганын белгилейт.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бир айдын ичинде "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы борбор калаанын беш көчөсүнүн жарыктандыруу системасын оңдоп чыкканын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мында шаардын Байтик баатыр, Чүй проспекти, Ахунбаев, Шабдан баатыр жана Киев көчөлөрүндө ремонт иштери жүргөн. 

Ишкана борбор калаанын көчөлөрүн жарык менен камсыздоо, кемчиликтерди өз маалында жоюу боюнча иштер улантыла турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0