ЕЭК министри: Кыргызстандын этинин даамын таткандан кийин башка нерсе жегиңер келбейт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаместитель министра экономики Кыргызской Республики Данил Ибраев.
Заместитель министра экономики Кыргызской Республики Данил Ибраев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын табигый тазалыгы артыкчылык катары рынокто жогору бааланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бүгүнкү күндө ЕАЭБ мамлекеттерин Кыргызстандын айыл чарба продукциясына өзгөчө кызыктырууда. Бирок ал жеңил өнөр жай продукциясындай таанымал эместиги өкүндүрөт, деди ЕЭК министри Данил Ибраев видеокөпүрө учурунда.

Анын айтымында, россиялыктардын кыргызстандык товарларга болгон кызыгуусу жакшы көрүнүш, бирок азырынча продукция айрым жерлерде гана жеткиликтүү болуп, бирдиктүү бренди жок болуп жатат. 

Ибраев потенциалды өстүрүп, кыргызстандык продукция жөнөкөй адамга да жеткирүүгө аракет кылуу зарылдыгын белгиледи.

"Биздин кемчилик — жер семирткичтерди аз пайдаланганыбызда, Бирок дал ушундан улам биздин продукция табигый таза болуп саналат, демек биз жогору бааланган товарга атаандаштык түзүүгө жөндөмдүүбүз. Биздин кулпунай, шабдаалы, помидорлордун даамын татып көрдүңөр беле? Этчи? Кыргыз этин жеп көргүлөчү — башка эч нерсе жей албай каласыңар", — деди министр.

Анын айтымында, Россия бизнеси Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүн жакшы кабыл алды. Дароо россиялык ишкерлерден сунуштар түшө баштады. Демек, Кыргызстандын товарларын россиялыктар пайдалангысы келет. 

Ибраев ЕАЭБге кирүү алдында Кыргызстан анын бардык күңгөй-тескейин карап чыкканын, учурда чече турган маселе арбын экенин белгиледи.

"Бардык кыйынчылыктардан өттүк деп айтуу али эрте. ЕАЭБде 100дөн ашуун чектөөлөр, 49 тоскоолдук бар. Бул бир катар татаалдыктар менен коштолуп, негизинен товар жүгүртүүнү кыйындатат", — деди ал. 

Екатеринбург Кыргызстандын азык-түлүгүнө кызыкдар
Ибраев бүгүн Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы санитардык жана фитосанитардык көзөмөл жоюлгандыктан кырдаал жакшы жагына оой турганын кошумчалады. 

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 12-августта Евразия экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болгон. Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы бардык бажы процедуралары алынып, Кыргызстандын аймагында бирдиктүү бажы тарифи жана ЕАЭБ ишмердүүлүгүнүн тышкы экономикалык бирдиктүү товар номенклатурасы киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0