Жер титирөөдөн жапа чеккен алайлыктар боз үйдө баш пааналашат

© Фото / Бексултан Эрмамат уулуЖер титирөөдөн кыйраган үй.
Жер титирөөдөн кыйраган үй. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убактылуу жашоо үчүн каралган 10 боз үй менен 20 чатырда жергиликтүү тургундар атайын жылытуучу контейнерлер келгенче жашап турушмакчы.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жер титирөөдөн жапа тарткан Алайга 10 боз үй жана 20 чатыр алып келингенин премьер-министр Темир Сариев аталган аймактын эли менен жолугушуу учурунда билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү болгон зилзаладан Алайда жергиликтүү калк жашаган турак үйлөргө ар түрдүү деңгээлде зыян келтирилген. Зыяндын деңгээлин учурда атайын комиссия аныктап жатат. Премьер-министр табигый кырсыктан жабыр тарткандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн белгиледи. 

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев жер титирөөдөн жабыркагандар мобилдүү турак жай менен камсыз болорун убадалады
Өкмөт башчы азыркы тапта Алай районуна убактылуу жашаганга 20 чатыр жана 10 боз үй келгенин маалымдады. Анда жергиликтүү тургундар атайын жылытуучу контейнерлер келгенче жашап турушат. 

Мындан сырткары, Сариев 10 күндүн ичинде Алай районундагы жалгыз бой аялдын үйүн бутүрүп берүүнү тапшырды. Эки баласы менен неберелерин жалгыз караган аялдын турак жайы жараксыз абалда экени аныкталган. 

Сариев кырсыкка байланыштуу атайын жыйын өтөрүн, анда тиешелүү чечимдер кабыл алынарын маалымдады. Премьер-министр жарандарды турак-жай салууда анын бекемдигине көңүл буруу керектигин айтып, бул кырсыкты сабак катары кабыл алуу зарылдыгын билдирди. Бул жаатта турак-жайды милдеттүү түрдө камсыздандаруу боюнча чечим кабыл алынып, 2016-жылдын 1-февралынан тарта ал күчүнө кирерин кабарлады. 

Ошондой эле Темир Сариев жер титирөөдөн жабыркаган Алай районундагы Жылуу-Суу орто мектебинин абалы менен таанышып, аны капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0