Депутаттар да жер титирөө болгон аймакка барат

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив
ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков фракциялардан кайсыл депутаттар бара турганын тактап берүүсү үчүн фракция жетекчилерине кайрылды.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жер титирөөдөн жабыр тарткан Кара-Суу районундагы айылдардын абалы менен ишемби күнү барып таанышат. Бул тууралуу төрага Асылбек Жээнбеков парламенттин жыйынында айтканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, эки күндүн ичинде Кыргызстандын түштүк аймагында 7 баллдан 4 баллга чейин үч жолу жер титиреген. 

Төрага өз сөзүндө жер титирөөдөн жабыр тарткан адамдарга өкмөт жардам берип, келтирилген чыгымдын орду төлөп бериле турганын маалымдады. Ага азыр мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жете турганын кошумчалады.

"Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу да ишемби күнү жөнөгөнү турат. Жер титирөө кесепетин жоюу жаатында жасалып жаткан иштердин жүрүшүн көзөмөлгө алышыбыз керек. Ал биздин түздөн-түз милдетибиз ", — деди А.Жээнбеков.

Бүгүн Темир Сариев жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймак менен жеринен таанышуу үчүн бир күндүк жумушчу сапары менен түштүккө жөнөп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министри жабыр тарткан аймактагы кооптуу делген үйлөрдө жашап жаткан жарандар үчүн 50 даана чатыр жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0