Адис: түштүктө кайтадан катуу жер титирөө болот деген божомол жок

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүн ичинде Кыргызстандын түштүк аймагында үч жолу жер титиреди.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында катуу жер титирөө кайталанышы боюнча божомолдор жок экенин Сейсмология институтунун сейсмикалык коркунучту аныктоо лабораториясынын башчысы Медербек Өмүралиев Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Оштогу жер титирөөдөн 6 үй талкаланып, 30 там уроо коркунучунда турат
Кечээ түнү жана бүгүн Ош облусунда болгон жер титирөөдөн алты турак үй жарым-жартылай талкаланып, дагы 30 там авариялык абалда экени аныкталганын ӨКМ билдирди.

Ош облусунун тургундары кайтадан катуу жер титирөө болот экен деп үйлөрүнө кирбей, сыртта жүрүп жатышканын социалдык тармактарда байма-бай жазып жатышат.

Өмүралиевдин айтымында, 7 баллдык жер титирөөдөн кийин 50гө жакын афтершок (ири жер титирөөдөн кийин болчу майда жер титирөөлөр) катталган. 

"Чоң жер титирөөдөн кийин афтершок деп майда жер титирөөлөр болот. Азыр алардын күчү кайтып баратат. Биздин адистер кайталануунун күчүнүн азаюусун талдап жатат. Иликтөөлөр жыйынтыкталгандан кийин кайсы күнү, кайсы саатта күчтүүрөк афтершок болушун божомолдогонго мүмкүн", — дейт ал.

Өмүралиевдин айтымында кечээ түнү катталган жер титирөө жыл башынан бери болгон ири жер титирөө. Былтыр салыштырмалуу эң ири жер титирөө Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында катталган. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, өлкө аймагында бир жылда орто эсеп менен 3,5 миңге чейин жердин силкинүүсү катталат. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0