КТРК жетекчиси: жумушумдан улам, туугандарымдан чыга турган болдум

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРК жетекчиси Илим Карыпбеков. Архив
КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орто чарба адамдын иш бөлмөсү. Жогорку даражалуу атка минерлердикиндей кычыраган эмерек деле көзгө урунган жок. Болгону дубалда илинип турган алты плазмалык телевизор. Столунун алдында жыкжыйма болгон алкоголсуз суусундуктар. Өлкөнүн башкы каналын жетектеген Илим Карыпбековдун бейнеси мына ушундай!

— КТРКны жетектеп жаныңызга эмне күч келди? Канал тууралуу керек болсо журналисттер деле жакшы сөз айтчу эмес эле да: интригалар, көңүлдөштөр, пикир келишпестиктер дегендей. Мунсуз деле "Манас" аэропортунда майлуу-сүттүү орунда эмес белеңиз. 

— "Манастагы" жумушум абдан кызыктуу болчу. Мен өзүм үчүн мындай бир мыйзам ченемдүү көрүнүштү аныктадым: жаңы жумушка кирген алгачкы жарым жыл иштин көзүн тааныганга гана кетет. Өз максаттарыңды ишке ашырууга дагы бир жыл убакыт керектелет. Ошондон кийин гана ишиңен кандайдыр бир жыйынтык чыгат. Мен жасаган аракеттеримдин үзүрүн көрөрдө КТРКнын мурунку жетекчиси Султан Жумагулов кызматынан кетүүгө аргасыз болуп калды.

Алгач документтеримди тапшыруудан да баш тартып жүрдүм. Анын үстүнө журналисттер чатагыраак калк экенин жакшы билем.

© Sputnik / Табылды КадырбековБир мыйзам ченемдүү көрүнүштү аныктадым: жаңы жумушка кирген алгачкы жарым жыл иштин көзүн тааныганга гана кетет. Максаттарыңды ишке ашырууга дагы бир жыл убакыт керектелет
Бир мыйзам ченемдүү көрүнүштү аныктадым: жаңы жумушка кирген алгачкы жарым жыл иштин көзүн тааныганга гана кетет. Максаттарыңды ишке ашырууга дагы бир жыл убакыт керектелет - Sputnik Кыргызстан
Бир мыйзам ченемдүү көрүнүштү аныктадым: жаңы жумушка кирген алгачкы жарым жыл иштин көзүн тааныганга гана кетет. Максаттарыңды ишке ашырууга дагы бир жыл убакыт керектелет

— Ошого карабай бул кадамга бардыңыз. Атаандаштарыңыздын алдында артыкчылыгыңыз бар экенин туйдуңуз беле?

Жылмайган ЖМК өкүлдөрү: журналисттер иш үстүндө
— Менин баамымда, башкы директорлукка чыгармачыл инсанды дайындоо — чоң ката. Бизде башынан эле бул кызматты менеджерлер эмес, дайындалгандан кийин эле дароо атка минерге айланып кеткен журналисттер ээлеп келишкен.

Мага чейинки жетекчилер экранды өзгөртүүгө аракет жасашкан. Жаңы директор менен жаңылыктар супер кесипкөй, супер объективдүү болуп, берүүлөр сапаттуу болуп кетет деген чоң жаңылыштык.

Экран — бул сырткы жасалга. Кеп анда эмес. Маселе башкаруу системасында, жамаат ичинде, кадр тандоодо болуп келген.

— Катаалдыгыңыз тууралуу кептер уламышка айланып кетти. Абдан тажрыйбалуу, кесипкөй адистерди да тартип бузгандыгы үчүн жумуштан кетирип иет деп угабыз.

— Бул уламыш эмес. Бардыгына бирдей адилеттүү мамиле зарыл. Эгер жамаат кимдир-бирөөгө өзгөчө мамилени байкап-сезип калса, кыйынчылыктар мына ошондо башталат. Мен буга жол берүүгө акым жок болчу. Кызматтан кетишин каалабаган көптөгөн адистерди жумуштан бошотууга туура келди, болбосо мындай жамаатта эч качан тартип орномок эмес. Штат абдан чоң болгондуктан, айына эки-үч жолу келип-кеткен кызматкерлер да бар экен. Алар болгону жагдайды байкаштырып, маянасын гана алып кетишчү. Бул тууралуу баары эле билчү, бирок бири-бирин жаап-жашырып, ачыкка чыгышкан эмес.

Тартипти орнотуу үчүн чип системасын киргизүүгө аргасыз болдук. Ар бир кызматкердин идентификациялык электрондук чиби бар. Жумушка кирип келе жатып каттоодон өтүп, күнүнө сегиз саат иштөөгө милдеттендирилди.

Бул жаңылыкка көптөр нааразы болушту. Туугандык байланышына таянгандар да кездешти. Адамдар аке-үкө мамилеге ушунчалык көнүп калышкан экен, азыр учур башка экендигин, мындай мамилелердин заманы артта калганын өз маалында түшүнүүгө кудурети жеткен жок. 

Бул кызматтан кеткенде мен туугандар менен тааныштардын арасында айрым кызматкерлерди жумушта колдоп койбогонум үчүн куугунтукка алынарым турулуу иш.

© Sputnik / Табылды КадырбековБул кызматтан кеткенде туугандар менен тааныштардын арасында айрым кызматкерлерди жумушта колдоп койбогонум үчүн куугунтукка алынарым турулуу иш
Бул кызматтан кеткенде  туугандар менен тааныштардын арасында айрым кызматкерлерди жумушта колдоп койбогонум үчүн куугунтукка алынарым турулуу иш - Sputnik Кыргызстан
Бул кызматтан кеткенде туугандар менен тааныштардын арасында айрым кызматкерлерди жумушта колдоп койбогонум үчүн куугунтукка алынарым турулуу иш

— Курулуш иштерин баштоого эмне түрткү болду?

— Биринчи келгенде эле көзүмө кунарсыз имарат чалдыкты. Сырты деле жалтырабайт деңизчи. Эң алдыңкы телекорпорациянын көзгө толумдуулугу ичтен эч туюлбайт.

Атамбаев: журналисттик калем курч, бирок адилеттүү болгону жакшы
Мурун бул жакта бир кызыктай эле лабиринттер, будкада отурган милиционерлер бар болчу. Узун, күңүрт коридордо басып жүргөн журналисттерди элестетип көрсөңүз.

Корпорацияда башкы директордун эле кабинети шумдук жасалгаланыптыр. Башкалар өлбө жаным, өлбө деп араң жашап атканда ага катчы, кеңешчи, жардамчы, айдоочу, керек болсо жан сакчыдан бери каралганы мени аябай таң калтырды. Карапайым жумушчу менен директордун кабинети — асман менен жердей экен.

Эгер чындап эле реформа жасоону кааласаң, өзүңдөн баштооң керек. Дароо эле бардык жардамчылардан арылып, эс алуу бөлмөсү жана килтейген столу бар иш кабинетимди бузуп салдым.

Курбагандан кийин буларды бузууга моралдык акың жок деген ызы-чуу башталды. Бирок жоопкерчиликтин баарын өзүмө алып, бир чоң кабинеттин ордуна ыңгайлуу үч кабинет жасап койдум.

© Sputnik / Табылды КадырбековРеформа жасоону кааласаң, өзүңдөн башта. Бардык жардамчылардан арылып, эс алуу бөлмөсү жана килтейген столу бар иш кабинетимди бузуп салдым.
Реформа жасоону кааласаң, өзүңдөн башта.  Бардык жардамчылардан арылып, эс алуу бөлмөсү жана килтейген столу бар иш кабинетимди бузуп салдым. - Sputnik Кыргызстан
Реформа жасоону кааласаң, өзүңдөн башта. Бардык жардамчылардан арылып, эс алуу бөлмөсү жана килтейген столу бар иш кабинетимди бузуп салдым.

— Велосипеддерге байланыштуу өзгөчөлүгүңүз бар экени чынбы?

— Ооба, велосипед токтотуучу жай жасап койдук. Күн жылуу болгондо машинанын ордуна дайым велосипед тээп келем. Мындан тышкары, спорт магазини менен кызматкерлер үчүн акысын бөлүп төлөөнүн негизинде эки дөңгөлөктүү унаа сатып алуу боюнча келишим түздүк. Азыр суук болуп калды, бирок жаздан баштап велосипед тебүүчүлөр үчүн социалдык жеңилдиктерди киргизе баштайбыз.

— Мамлекеттик маалымат каражаттары бирөөнүн камчысын чаап келет деген сын пикирге көп кабылат. Буга кандай карайсыз?

— КТРКга дайым өзгөчө мамиле жасалып келет. Канал дайым эле жогорку жактын сөзүн сүйлөт деген ишеним бекем орногон. Мен бул жакта иштегениме сегиз айдын жүзү болду. Эч ким мага эч кандай басым жасаган жок деп айта берип тилим тешилди. Буга ишенүү кыйын, бирок кеп чыны ушундай.

Биз күнүгө президенттин, өкмөт, парламенттин маалымат кызматтары менен иштешебиз. Бул бөлүмдөрдүн жетекчилери менен күнүгө сүйлөшүүгө туура келет. Көп учурда пикир келишпестиктер болот, кээде кыйкырышканга чейин да барабыз. Эки-үч күндөп сүйлөшпөй калган учурларыбыз болот.

КТРКга менчик каналындай мамиле жасаган атка минерлер болгон. Алардын тигил же бул журналист менен тике иштешүүсүнө бөгөт койдук. Мурда ар кимисинин өзүнүн сүймөнчүк журналисти бар болчу. Азыр мунун баарынын жолу буулду, бардыгы тең жетекчилик аркылуу ишке ашат.

— ЖМКлар канчалык көп болсо ошончолук алардын көмүскө оюнун көзөмөлдөө кыйын экенин өз тажрыйбамдан билем. Аарынын уюгундай болгон КТРКда бул өтө эле татаал болсо керек.

Спикер парламента Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Төрага чет мамлекеттер каржылаган ЖМКларды тартипке чакырууну талап кылды
— Биз УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен тыгыз иштешебиз. Жыйынтык бар. 

Өзүңөр калыс болгула, учурда кризис каатчылыгы күч болуп турат. Реклама рыногу өлкө боюнча солгундады. Демек, биз былтыркыга салыштырмалуу өтө төмөнкү көрсөткүч менен чыгышыбыз керек эле. Бирок 85 пайызга көп киреше алып атабыз. Жакын арада КТРК өзүн өзү актайт деп айтууга толук укуктуу болобуз. Мындай көрүнүш корпорациянын тарыхында эч качан болгон эмес.

— Ар бир ЖМКда планерка деген болот. Журналист же редактор акысын алып койгон теманы чагылдыруу боюнча сунуш бериши мүмкүн да.

— Мен планеркаларды өзүм өткөрөм. Бул чоң жумуш. Эртеден кечке иштөөгө туура келет. Сегиз айдан бери жумуштан түнкү 11ден эрте чыга элекмин. Байкалып тургандыр… Албетте, кыйын, бирок, чыдаш керек.

Азыр мунун жыйынтыгын көрүп атам. Демейде шайлоодон кийин эки нерсе болчу: же ыңкылап болуп канал анын символуна айланып кетчү (бул үчүн бизди "кара жашик" деп да аташкан), же ыпластыктан башы чыкпай кийинки шайлоого чейин тазаланууга туура келчү.

Бу жолу бир дагы партияга артыкчылык берилген жок. Айрым саясий уюмдардын өкүлдөрү келип дебатта берилүүчү суроолорду алдын ала билип алуу үчүн ири суммадагы акча сунуштаган учурлар болду. Канча дейсизби? Эң көбү — сегиз миң доллар. Маалымат чыгып кетпеши үчүн бардыгын дыкат көзөмөлдөп жаттым.

Суроолорду өзүм даярдап, алып баруучуларды эфирге жарым саат калганда гана чакырып жаттым. Алардан башка эмне болорун бир да жан билген жок.

Суроолор менен партия өкүлдөрүнүн да тааныштыгы жок экенине өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Ушунубуз менен сыйга татыктуу болдук десем жаңылышпасмын.

© Sputnik / Табылды КадырбековСуроолорду өзүм даярдап, алып баруучуларды эфирге жарым саат калганда гана чакырып жаттым. Алардан башка эмне болорун бир да жан билген жок.
Суроолорду өзүм даярдап, алып баруучуларды эфирге жарым саат калганда гана чакырып жаттым. Алардан башка эмне болорун бир да жан билген жок. - Sputnik Кыргызстан
Суроолорду өзүм даярдап, алып баруучуларды эфирге жарым саат калганда гана чакырып жаттым. Алардан башка эмне болорун бир да жан билген жок.

— Кабинетиңиздеги экрандар жергиликтүү каналдар менен Russia Today, Euronews берүүлөрүн да чагылдырып турат экен. Эмнесин "уурдап" алар элеңиз?

— Чын сырымды айтайынчы: эч нерсе ойлоп тапкан жокпуз, жөн эле Euronews каналын тууроону чечтик. Бизде ал "Ала-Тоо 24" деп аталды. Бул күнү-түнү иштеген маалымат каналы болот.

Жаңы жылда Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбордук Азияда кездешпеген жаңылыктар студиясын ачууга даярданып жатабыз. 

Эмнеге муну жасап жатабыз дейсизби? Биз маалымат сайттарынан кыйла артта калып жатабыз. Бүгүнкү күндүн кишиси жаңылык күтпөйт, жөн гана Sputnik сайтына кирет. Биз бул жагынан толук утулуштабыз. Мен Sputnik агенттигинен озууга аракет кылып жатам, кийинки жылы силерди артка таштайм деген оюм бар.

— Дагы кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот?

— Буга чейин КТРК өтө эле саясатташып кеткен. Эл көп көрө турган убакыттын 80 пайызы дээрлик саясатка арналып келген. Учурда биз аймактарга, карапайым калктын жашоосуна басым жасап жатабыз. Ар бир айылда өзүнүн баатыры, ийгилиги болот эмеспи.

— Айтсаңыз, мунун баарынын сизге эмне кереги бар? Системага, кызматкерлердин кыялына, сын-пикирге каршы туруп табаарыңыз эмне?

— Мен болгону 35 жашта экениме карабастан, башыман көп нерсени өткөрдүм. Ооба, кээде мага ушундай ыпластыктар төгүлөт. Мисалы, азыр көп кызматкерди жумуштан алып жатам, көптөр буга даяр эмес. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМен жашоодон кыянаттыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөндүм.
Мен жашоодон кыянаттыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөндүм. - Sputnik Кыргызстан
Мен жашоодон кыянаттыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөндүм.

Мен жашоодон кыянаттыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөндүм. Бүгүнкү күндө менин каршылашкан душманым жок. Балким, кимдир бирөө мени кас катары көрүшү мүмкүн, бирок мен үчүн ал душман эмес. Өзүмдү абдан бактылуу адаммын деп эсептейм. Мени менен чын пейилден сүйлөшүп, көкүрөк-көөдөнүмдөгүнү түшүнүүгө даяр адам үчүн ар убак ачыкмын. 

Биз жакшы болсок, дүйнө да жакшырат, тазарат. Мен муну бөркүмдөй көрөм. Биз өз өлкөбүздө, өз мекенибизде гана бактылуу боло алабыз. Демек, Ата Журтубуздан талап кыла бербей, бергенди да үйрөнүшүбүз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0