Нарындагы эжейлер орус тилин мыктылап окутуу жолдорун үйрөнүп жатышат

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүМугалим. Архив
Мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орус тили жана адабияты боюнча окутуунун ыкмалары менен тааныштырууну бул тармактагы мыкты делген адистер өткөрөт.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназияда орус тилчи мугалимдер үчүн "Орус тили жана адабиятын заманбап окутуунун ыкмасы" деп аталган семинар башталды. Бул туурасында Кыргызстандагы Россиялык кызматташуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Орус тил китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындын окуучулары орус тилинде катыра сүйлөйт
Кыргызстандагы россиялык кызматташуу өкүлчүлүгү уюштурган иш-чарага Нарын облусунун аймагынан жыйырма мугалим келди.

Эки күн бою мыкты делген орус тилчи-методисттер Ольга Лепеева (№2 мектеп-гимназия) менен Ракыя Турдубаева (Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү жана кайра даярдоо) лекцияларды, семинарларды, ачык сабактарды өткөрөт. 

Россиялык кызматташуу уюмунан билдиргендей, машыктыруучу-окутуучулар билим берүү боюнча россиялык ар кыл долбоорлордун катышуучулары. 

Семинардын катышуучуларына Бишкектеги россиялык илим жана маданият борбору тарабынан даярдалган методикалык материалдар таратылып, сертификаттар тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0