Беш өрдөк: Рахман менен Жамбылды "ууру туткан" Борончу, кызмат сураган Сарпашев

Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Борончунун үйүнө кирген уурулар, жоголгон акча менен койдун эти

"Майдан.kg" гезити 11-ноябрда чыккан санында куудул Борончу Кудайбергеновдун үйүнө ууру кирип, беш миң долларын көтөрүп кеткенин жазды. 

"Барынан кызыгы, уурулар акчаны алып кетип баратып, үйдүн дарбазасына Борончу Кудайбергеновдун сүрөтүн жабыштырып коюшкан", — деп жазат аталган гезит.

Беш өрдөк: министр болгусу келген депутаттар, түрмөдөн качкандар
Куудул Борончу чындап эле үйүнө ууру киргенин Sputnik маалымат агенттигине тастыктады. Ал беш-алты жылдан бери үй салып жатканын айтып, жакында аны аяктап той бергинен билдирди.

"Биринчи күнү молдолорду чакыргам. Экинчи күнү куудулдар – Рахман, Абдылда, Жамбыл баштаган жыйырмадан ашык киши келген. Алар кеткенден кийин таңкы саат 4-5терде таттуу уйкуда жатканда биринчи кабаттагы терезеден кириптир. Экинчи этажда уктап жаткан баламдын телефонун, конок үйгө кирип куудулдар берген кошумча салынган баштыкты, идиш-аякты жана бир койдун этин алып кетиптир. Терезеден кирген уурулар эшикти ачып чыгыптыр", — деди ал.

Анын төркү үйдө турган сүрөтүн алып дарбазага илип кеткени да чын экенин айтты.

"Эртеси милициялар келип кимден шекшип жатасыз деп сурады. Мен айттым "кечээ, Рахман аке шашып кетти эле, Жамбыл эт жеп атканда "той берип аткан үйдөн ырым кылып бычак, кашык алып кетиш керек эле" деп сүйлөнүп жаткан. Бычак, кашык, идиш-аяк уурдалгандыктан мен ушул экөөнөн эле көрүп жатам", — деп Борончу тамашалады.

Бир айлык мөөнөт

"Фабула" гезити 13-ноябрда чыккан санында "Бийликтин бийик бутагындагылар Талантбек мырзага дагы бир мүмкүнчүлүк берип, баш терисин байкап көрүүнү чечишиптир. Эгер Батыралиев мындан да жакшы иштеп, кыска убакыттын ичинде өзүн көрсөтө албаса, анда өзү көнгөн Түркиясына кетери турган иш. Демек бул маселе жакын арада чечилип калышы мүмкүн", — деп жазды.

Батыралиев Саламаттык сактоо министри кызматы анын атасынан калбаганын, ден соолук, саламаттыкты сактоодогу реформа күзүндө түшүм жыйнап ала тургандай тез натыйжа бербей турганын Sputnik сайтына айтты.

"Саламаттык сактоо жаатындагы реформа аябай сабырдуулук менен жасалып, ишке аша турган нерсе. Гезиттер мен тууралуу кайсы негизге таянып жазып жатканын билбейм. Мен өзүмө жакшы, же жаман иштеп жатам деп баа бере албайм. Мен максаттарга жетүү үчүн алдыга коюлган пландарды аткарып жатам. Азыр дары дармек менен камсыз кылуу системасы абдан начар абалга келип калды. Советтер союзу урагандан кийин фармацевтикалык бизнес 100 пайыз жеке тармакка өтүп кеткен. Андыктан аны бир жолго коюп, элди сапаттуу жана арзан дары менен камсыз кылуу башкы милдеттердин бири", — деди ал.

Кызмат сурап…

Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тайырбек Сарпашев Мамкаттоо кызматынын жетекчилигине дайындалды
"Азия News" гезити 12-ноябрда чыккан санында "1-вице-премьер-министрликтен түшкөн Тайырбек Сарпашев дароо кызматка бекибей, жогорку таасирдүү адамдарга тердеп-кургай чуркап атып, акыры Мамлекеттик каттоо кызматына дайындалды… Мамкаттоого илингенге чейин өкмөттүн Жалал-Абад облусуна өкүл катары жөнөтүлмөк экен, бирок, Тайырбек ал жактан баш тартып, көшөрүп атып ушул кызматына келди", — деп жазды.

Сарпашевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов мындай имиштерди жокко чыгарып, жазылгандар чындыкка эч коошпой турганын белгиледи.

"Мамлекеттик каттоо кызматын Тайырбек Сарпашев суранып, аны башкарып калайын деп чуркаган жок. Ага бул кызматты башкарып бериңиз деп суранышты", — деген пикирин айтты.

Акыйкатчылыкка көзүн арткандар

"Фабула" гезити 13-ноябрда чыккан санында Акыйкатчылыкка талапкерлер үчүн 20-ноябрга чейин сынак жарыяланганын жазып, ага ат салыша тургандар тууралуу билдирди.

"Сынак жаңы гана жарыялангандыктан азырынча талапкерлердин ысымы белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча бул кызмат ордуна: түбөлүк талапкер Турсунбек Акун менен Турсунбай Бакир уулу дегендер да жөн отурбаса керек. Булардан башка дагы бир эң башкы талапкер бул –"атамекенчи" Асия Сасыкбаева болуп калышы толук мүмкүн. Балким бул айым парламенттеги эски кесиптештеринин колдоосу менен бул сынактан өтүп кетиши ыктымал", — деп жазды.

Экс-депутат Асия Сасыкбаева Sputnik агенттигине Акыйкатчы кызматына аттанбай турганын, андай тилеги жок экенин билдирди.

"Азыр гезиттер түрдүү нерсени жазып жатышат. Менин акыйкатчы болоюн дегем оюм жок. Ушундай божомол бар экенин сиздерден угуп жатам", — деди ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0