Муфтий мечиттерди каттоодон өткөрүүнү талап кылууда

Жазылуу
Жыйында ар бир облустун казысы Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушевге быйылкы аткарган иштери туурасында маалымат берип, өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандагы мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча облустук жана шаардык казыларга катуу талап койгонун муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жыйындар залында облустук казылардын 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча жыйын өттү.

Ош шаарындагы эң ири мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мечиттерде террористтик, экстремисттик уюмдар туурасында маалыматтар илинет
Анда казыят аппаратынын кызматкерлеринин жумуш тартиби жаатында бир топ маселелер каралды.

Бул жыйында ар бир облустун казысы муфтийге 2015-жылы аткарылган иштери туурасында маалымат берип, өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Буга чейин Кыргызстандын түндүк-түштүк аймактарынын тескеген Азирети муфтийдин орун басарлары Равшан Эратов ажы жана Замир Ракиев кары ар бир облуста болушуп, казыяттардын иши, көрүп жаткан чаралары менен таанышып чыгышкан.

Казылардын маалыматтары угулган соң алардын иштерине тиешелүү баалар коюлду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0