Бишкектеги 13 жашар майып балага салттуу түрдө футбол билети ыйгарылды

© пресс-служба ФФКР Алексей Лугин апасы билетти алды
Алексей Лугин апасы билетти алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алексей Лугин ушул жайда өткөн Кыргызстан менен Австралиянын беттешүүсүнө билети менен элдин көптүгүнөн кире албай калган.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкектеги 13 жашар майып Алексей Лугинге Футбол федерациясы салттуу түрдө Кыргызстан — Иордания беттешүүсүнө эки билет тапшырды деп билдирет аталган мекеменин маалымат кызматы.

Ырчы Григорий Лепс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр Кулматов оорулуу баланын концертте Лепсти көрүү кыялын орундатат
Билеттер Алексейдин апасына берилди.

Коляскада отурган 13 жашар бала атасы менен 16-июнда Кыргызстан — Австралия беттешүүсүнө билетин колуна кармап жүрүп элдин көптүгүнөн кире албай калган. 

Окуядан кийин федерация Алексей менен анын ата-энесинен кечирим сурап, кыргызстандык команданын Тажикстан жана Бангладеш менен болгон оюнунан билеттерди тапшырышкан. 

Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы Кыргызстан менен Иорданиянын беттешүүсү 17-ноябрь күнү Бишкекте өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0