Өрт өчүрүүчү унааны киргизүү үчүн базарда баш аламан соода кылган 70 түйүн алынды

© Медербек НиязалиевБазар. Архив
Базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын арада Бишкектеги базарлардын биринин аймагында ушул сыяктуу бир катар окуулар жүргүзүлүп, баш аламан соодага чек коюлары белгиленди.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын жанындагы баш аламан соода кылган 70 түйүн Октябрь райондук администрациясы тарабынан алынганын мэрия билдирди.

Базардагы сатуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер соода көлөмүнүн азайышын түшүндүрүштү
Маалыматка ылайык, аталган базарда өрт өчүрүү боюнча окуу өтүп, мекеме унаасынын өтүүсүн кыйындаткан тоскоолдуктар аныкталды.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен базар администрациясы, бардык субъектилердин ээлери менен жолугушуу өткөрүп, комплекстин аймагындагы сооданы иретке келтирүү жана өрт коопсуздугу боюнча жалпы стандарттарды сактоо маселесин талкуулоо тууралуу чечим кабыл алынды. 

Жакын арада аталган базардын аймагында бир катар ушул сыяктуу окуулар жүргүзүлүп, баш аламан соодага чек коюлары белгиленди.

"Орто-Сай" базарында 73 жеке менчиктеги субъект бар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0