Спорт агенттиги Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатын каржылайт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүФутбол топтору. Архив
Футбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач 2016-жылга 30 миллион сом бөлүнөт.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги эмки жылдан баштап Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты менен биринчилигин каржылай турганын аталган мекеме билдирди.

Мындай чечим премьер-министр Темир Сариевдин Футбол федерациясы жана ири компаниялардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда кабыл алынды. Алгач футболду өнүктүрүүгө 30 миллион сомго чукул каражат бөлүнмөкчү.

Сариев ишкерлерди спорт жайларын өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды
Ага чейин премьер-министр ири компанияларды футбол клубдарын түзүп, аларды каржылоого чакырган. Сариев кыргыз өкмөтү бардык сунуштарды караштырууга, керек болсо мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө даяр экенин билдирген. 

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров мында футбол клубдарынын маанисин абдан чоң экенин белгилеген. Аларды өнүктүрүүнүн негизги критерийлеринин бири болуп тажрыйбалуу оюнчу, машыктыруучулардын жана техникалык, спорт базалардын болушу эсептелинет.

Кыргызстандын ТОП-Лигасында бүгүнкү күнү алты футбол клубу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0