Дарыгерлердин мыйзам бузуусу тууралуу WhatsApp аркылуу билдирүүгө болот

Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги аталган тармактагы мыйзам бузуулар тууралуу жарандарга атайын тиркеменин жардамы менен билдирүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо тармагындагы мыйзам бузуулар тууралуу жарандар эми министрликтин жетекчилерин WhatsApp тиркемеси аркылуу кабардар кыла алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мэрия жылуулук жетпеген жерлерди WhatsApp аркылуу аныктап жатат
Маалыматка ылайык, жарандар дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын жардам көрсөткөндүгү, справка, рецепт, багыттама бергендиги үчүн акча талап кылуусу тууралуу министрликке билдире алышат. 

Мындан тышкары, медициналык мекемелердин талапка жооп бербеген абалы тууралуу дооматтар кабыл алынат. 

Доо арыздарын жарандар саламаттык сактоо министринин кеңешчисинин 0556 382382 номерине жөнөтүү сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0