Шаардык кеңештин депутаттары бак отургузушту

© пресс-служба аппарата БГКСубботник
Субботник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар иш-чара жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактап калууга өбөлгө болорун белгилешти.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары ишембиликке чыгып, Токтоналиев көчөсү менен Ала-Арча суусунун аралыгындагы Түштүк магистралын бойлото 310 бак көчөтүн тигишкенин шаардык парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Депутаттар шаардыктардын эс алуучу жайларын көбөйтүү максатында жасалып жаткан иш-чара жок болуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактап калууга өбөлгө болорун белгилешти.

Бул эл өкүлдөрүнүн "Ата-Түрк" паркына бак тиккен үчүнчү учуру. Былтыр 350 көчөт отургузулса, быйылкы жылдын жаз айларында дагы 200 бак отургузушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0