Профессор Карыбек Молдобаевдин мемориалдык тактасы ачылды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКитептер. Архив
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карыбек Молдобаев 1932-жылы Кочкор районунун Мантыш айылында туулуп, 2014-жылдын 21-декабрында каза болгон.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Карыбек Молдобаевдин мемориалдык тактасы ачылганын шаар мэриясы билдирди.

Академик Азиз Салиевдин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-ноябрь күнү Кыргыз-түрк "Манас" университетинде аталган окуу жайдын ректор-негиздөөчүсү Молдобаевдин элесине арналган иш-чара өтүп, ага окумуштуулар, илимпоздор, окутуучулар жана мэрия өкүлдөрү катышты.

Карыбек Молдобаев 1932-жылы Кочкор районунун Мантыш айылында туулуп, 2014-жылдын 21-декабрында каза болгон. Бир катар сыйлык-наамдардын ээси профессор Кыргыз ССРнин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0