Прокуратура Келдибековго чыккан өкүмгө каршы доо арыз менен кайрылат

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-спикер Ахматбек Келдибеков. Архив
Экс-спикер Ахматбек Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Биринчи Май райондук соту экс-спикер Келдибековду жарым-жартылай актаган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Прокуратура Биринчи Май райондук сотунун Ахматбек Келдибековго карата чыгарган өкүмүнө каршы доо арыз менен кайрыла турганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Келдибеков: чындыктын негизинде чечим чыкты
Бүгүн, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Келдибековго өкүм чыгарылып, ага ылайык экс-спикер "Коррупция" беренеси боюнча акталып, ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангануу" беренесинин негизинде үч миллион сом айып төлөмөй болгон.

Келдибеков 2013-жылдын ноябрь айында кармалып, УКМК абагына киргизилген. Ага Салык кызматын, Социалдык фонд жана парламентти жетектеп турганда коррупциялык иштерге барган деп айыпталган. Оорусунан улам ага сот чет өлкөдө дарылануудан өтүп келүүгө уруксат берген. Экс-депутат өткөн жылдын 14-августунда Кыргызстандан чыгып кетип, 2015-жылдын 11-февралында кайтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0