Курман болгон 7 жоокердин урматына аталган Айдаракен чек ара отрядына 16 жыл толду

Жазылуу
Салтанатта кызматы менен өзгөчөлөнгөн чек арачыларга ведомствонун медалдары жана белектер тапшырылып, спорттук мелдештер уюштурулду.

Айдаркендеги "Жети баатыр" чек ара отряды уюшулгандыгынын он алты жылдыгын белгиледи. Учурда ал 300 чакырымга созулган кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара аймагын кайтарат.

Тактай ташып кирем деген кыргыз жарандарын чек арачылар Айдаркенден кармады
Чек ара отряды Баткен окуяларынан кийин коопсуздукту камсыз кылуу максатында түптөлүп, ага 1999-жылы террорчулар менен кагылышта баатырларча курман болгон жети аскер кызматкеринин ысымдары ыйгарылган. 

Салтанатка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, Айдаркен чек ара отрядынын жетекчилиги менен өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 

Кызматы менен өзгөчөлөнгөн чек арачыларга ведомство медалдары жана белектер тапшырылды. Бир нече спорттук мелдештер уюштурулду. 

Аталган чек ара аймагынын кызматкерлери акыркы он ай ичинде мамлекеттик чек арадан 71 адамды кармашкан, алардын ичинен мамлекеттик чек ара режимин 39у, чек ара режимин 18 адам бузган. Андан сырткары алар курал-жарактар катылган төрт жайды таап чыгышкан. 

Жыл башынан тарта аткезчиликтин 24 учуру катталып, эки миллион суммасындагы контрабандалык жүк кармалган. Андан сырткары чек арачылар 135 миңден ашуун суммадагы АКШ долларын алып бара жаткандарды кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0