Кочкордун Ак-Жар айылында ураган мектептин ордуна жаңысы ачылды

© пресс-служуба министерства образования и науки КРАк-Жар айылында жаңы ачылган мектеп.
Ак-Жар айылында жаңы ачылган мектеп. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп ачуу салтанатына катышкан билим берүү жана илим министри Элвира Сариева быйылкы окуу жылына карата Нарын облусу боюнча жети жаңы объект салынып, дагы 15 мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү пландаштырылганын белгилеп өттү.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Мектеп имаратынын сапатсыз курулганынан улам башка жайларда окууга аргасыз болгон Кочкор районун Ак-Жар айылынын окуучулары жаңы мектептүү болушканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Билим берүү жана илим министри Элмира Сариева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындын Ак-Жарында курулган мектеп жыл айланбай урай баштаган
Маалыматка ылайык, мектепти министр Элвира Сариева Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында ачты.

Аталган мектептин окуучулары өткөн окуу жылдын аяк ченинен баштап башка жайларда окууга мажбур болушкан. Өкмөттүн атайын программасына ылайык, аталган мектеп жаңы курула турган 70 мектептин катарына кирген. 

Сариеванын айтымында, Ак-Жардагы мектепти Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги салып, ал эми окуу жайдын сапатына Экология-техникалык инспекциясы көзөмөл жүргүздү.

"Курулуш менен бирге эмерек сатып алуу иштери да жүрдү, мындан улам мектеп ноябрь айында пайдаланууга берилди", — деп билдирди министр.

Быйылкы окуу жылына карата Нарын облусу боюнча жети жаңы объект салынып, дагы 15 мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү пландаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0