Акыйкатчы биометрикалык маалыматтын шайлоодо колдонулушу тууралуу Москвада айтып берет

© Фото / пресс-служба ЖК КРАкыйткачынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева. Архив
Акыйткачынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамгырчиева "Жеке маалыматтарды коргоону камсыздоодогу мамлекеттик жана эл аралык структуралардын ролу" деп аталган конференцияга катышып, анда Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо жеке маалыматтардын пайдаланылышы тууралуу доклад окумакчы.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Биометрикалык маалыматты пайдалануу тажрыйбасы жана анын шайлоодо колдонулушу тууралуу Акыйткачынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева Москвада айтып берет. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Первый вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: кийинки жылдан тарта биометрикалык паспорттор пайда болот
Маалыматка ылайык, Москва шаарында "Жеке маалыматтарды коргоону камсыздоодогу мамлекеттик жана эл аралык структуралардын ролу" аталышындагы VI Эл аралык конференция өтүүдө.

Жамгырчиева конференцияда доклад окуп, катышуучуларга биометрикалык маалыматтардын шайлоо процессинде пайдаланылышы, өзгөчөлүгү тууралуу айтып берет. 

Жыл сайын өтүүчү иш-чарага Европа, Азия, Түндүк жана Түштүк Америка мамлекеттеринен келген адистер, Россиянын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттик коомчулук катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0