Иманкулов: СССРдин архитектурасы— маданияттын пайдубалы, аны байкабай калуу мүмкүн эмес

© Александр ФедоровКыргызстандагы эл аралык университке тиешелүү болгон имарат. Архив
Кыргызстандагы эл аралык университке тиешелүү болгон имарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз улуттук академиялык Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын, Конституциялык палатанын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстандагы эл аралык университеттин имараттары жана башкалар советтик классиканын үлгүсү катары бааланып, мамлекет тарабынан корголот.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Советтик архитектурасыз кыргыз архитектурасын элестетүү мүмкүн эмес жана ал тарыхта өзүнүн изин калтырды, аны жокко чыгара албайбыз. Мындай пикирин "Кыргызреставрация" илимий изилдөө институтунун директору Жумамедель Иманкулов Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан гана Улуу октябрь революциясынын күнүн белгилейт. Мындай аракеттер кыргызстандыктар тарыхый маданиятты аздектерин айгинелеп турат дейт Иманкулов.

© Айша КамиловаМурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан гана Улуу октябрь революциясынын күнүн белгилейт. Ош шаары. Борбордук аянт. Лениндин эстелиги
1/7
Мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан гана Улуу октябрь революциясынын күнүн белгилейт. Ош шаары. Борбордук аянт. Лениндин эстелиги
© Айша КамиловаБарына түшүнүктүү болуш үчүн маршруттук таксилерде СССР доорунан калган аббревиатуралар колдонулуп келет
2/7
Барына түшүнүктүү болуш үчүн маршруттук таксилерде СССР доорунан калган аббревиатуралар колдонулуп келет
© Айша КамиловаПаркка коюлган Лениндин эстелиги
3/7
Паркка коюлган Лениндин эстелиги
© Айша КамиловаСоветтер Союзунун символдору имараттардын чатырына кооздук үчүн да коюлган
4/7
Советтер Союзунун символдору имараттардын чатырына кооздук үчүн да коюлган
© Айша КамиловаОш мамлекеттик университетинин имараты
5/7
Ош мамлекеттик университетинин имараты
© Александр ФедоровБишкек шаарындагы Конституциялык палатанын имараты. СССР доорунда салынган имараттарда идеологиялык символикалар да чагылдырылган
Бишкек шаарындагы Конституциялык палатанын имараты. СССР доорунда салынган имараттарда идеологиялык символикалар да чагылдырылган - Sputnik Кыргызстан
6/7
Бишкек шаарындагы Конституциялык палатанын имараты. СССР доорунда салынган имараттарда идеологиялык символикалар да чагылдырылган
© Фото / Александр ФедоровСоветтик архитектуранын элементтери ошол доордо салынган ар бир имараттан байкоого болот.
Советтик архитектуранын элементтери ошол доордо салынган ар бир имараттан байкоого болот. - Sputnik Кыргызстан
7/7
Советтик архитектуранын элементтери ошол доордо салынган ар бир имараттан байкоого болот.
1/7
Мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан гана Улуу октябрь революциясынын күнүн белгилейт. Ош шаары. Борбордук аянт. Лениндин эстелиги
2/7
Барына түшүнүктүү болуш үчүн маршруттук таксилерде СССР доорунан калган аббревиатуралар колдонулуп келет
3/7
Паркка коюлган Лениндин эстелиги
4/7
Советтер Союзунун символдору имараттардын чатырына кооздук үчүн да коюлган
5/7
Ош мамлекеттик университетинин имараты
6/7
Бишкек шаарындагы Конституциялык палатанын имараты. СССР доорунда салынган имараттарда идеологиялык символикалар да чагылдырылган
7/7
Советтик архитектуранын элементтери ошол доордо салынган ар бир имараттан байкоого болот.

"Биздин мамилебиз толеранттуу. Албетте, Кыргызстандын аймагында Советтер Союзунан калган эстеликтерге кайдыгер мамиле бар. Бирок, алардын бардыгы акчанын тартыштыгынан улам болууда. Республикалык маанидеги эстеликтер бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын сыймыгы болуп келет", — деди ал.

Иманкулов ошондой эле, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын, Конституциялык палатанын, мэриянын, Кыргызстандагы эл аралык университеттин, Улуттук банктын, Темир жол вокзалынын имараттары жана башкалар советтик классиканын үлгүсү катары бааланып, мамлекет тарабынан корголорун айтты. Советтик архитектуранын үлгүлөрү Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында бар.

"Көңүл коюп карасаңар советтик элементтер кыргыз символдору менен сонун айкалышып турганын байкоого болот. Көпчүлүк эксперттер бул дүйнөлүк архитектурада болгон чоң арыш экенин айтып жүрүшөт", — дейт Иманкулов.

Архитектор жаштар Кыргызстандын тарыхын биле жүрүүсү керектигин баса белгилейт. Анын ичинен СССР доорунда салынган архитектуралык имараттар тарыхтын пайдубалдары экенин, ансыз Кыргызстандын тарыхын элестетүү кыйындыгын айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0