Мэрияга шаардын абалына нааразы болгон тургундар кайрылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизинен дооматтар жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо, коомдук унаа көйгөйү, шаардын санитардык абалы боюнча келген.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрынан тарта мэриянын 185 ыкчам кызматына шаардыктардан 288 арыз менен кайрылуу түшкөнүн муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, анын 137си каттоого алынып, 39 арыз менен кайрылуу боюнча иштер аткарылган. Бул жалпы сандын 28,4 пайызын түзөт.

Негизинен дооматтар жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо, коомдук унаа көйгөйү, шаардын санитардык абалы боюнча келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0