Жазгы талаа жумуштары үчүн жер семирткичтер алып келинүүдө

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКомбайнга жер семирткичти жүктөө. Архив
Комбайнга жер семирткичти жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азоттук жер семирткичтер — аммиак селитрасы менен карбамид Кыргызстанга Россия, Казакстан жана Өзбекстандан ташылат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Жазгы талаа жумуштары үчүн республикага 114,2 тонна минералдык жер семирткичтер алып келингенин, бул жалпы керектүү көлөмдүн 57,1 пайызын түзө турганын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча азоттук минералдык жер семирткичтерге болгон талап 200 миң тоннаны түзөт. 

Жазгы талаа жумуштарына керектүү азоттук жер семирткичтер — аммиак селитрасы менен карбамид республиканын түндүгүнө Кара-Балта, Шопоков, Бишкек шаарларына Россиядан жана Казакстандан, ал эми түштүккө Ош шаары аркылуу Өзбекстандан алып келинет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0